Бандунг конференциясы (1955)

Википедия дан

Бандунг конференциясы (1955) - Азия жана Африканын 29 өлкөсүнүн катышуусу менен Бандунгда (Индонезия) 1955-ж. 14-18-апрелде өткөн. Бандунг конференциясынын чакыруу жөнүнөдө Индия, Бирма, Индонезия, Пакистан жана Цейлондун премьер-министрлеринин Коломбодо өткөн кеңешмесинде (1954-ж., апрель) макулдашылган. Алардан тышкары конфференцияга: Афганстан, Камбожа, Кытай, Египет, Эфиопия, Алтын Жээк, Иран, Ирак, Япония, Иордания, Лаос, Ливан, Либерия, Ливия, Непал, Филиппин, Сауд Аравиясы, Судан, Сирия, Таиланд, Түркия, Вьетнам Демокр. Республика, Түштүк Вьетнам, Йемен катышкан. Бандунг конференциясынын катышуучулары колониализмди, расачыл сегрегацияны жана дискриминацияны айыптап, Камбожа, Цейлон, Япония, Иордания, Лаос, Ливия, Непал жана Бириккен Вьетнамды БУУга кабыл алуу өтүнүчү жана Коопсуздук Советинин убактылуу мүчөлөрүнүн ордун бөлүштүргөндө Азия жана Африка өлкөлөрүнүн өкүлдүктөрүнө карата географиялык принципти туура колдонуу тууралуу Коопсуздук Советине кайрылган. Бандунг конференциясынын өлкөлөрдү экономика жана маданий кызматташтыкка, куралсызданууга, атомдук жана термоядролук куралдарды чыгарууга, сыноого жана колдонууга тыюу салууга; бардык талаштартыш маселелерди тынчтык жол менен жөнгө салууга чакырган. Бандунг конференциясына Азия, Африка элдеринин улуттук аң-сезимин өстүрүүгө, улуттукбоштондук кыймылынын өөрчүшүнө жардам берген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4