Басым көрсөтүү тобу

Википедия дан

Басым көрсөтүү тобу – өз максатын ишке ашыруу үчүн атайын бийлик институттарына басым көрсөтүп жетишүүчү, коомдук бирикме. АКШда пайда болуп, кийин бардык өлкөлөргө таралган. Басым көрсөтүү тобу – саясий, аймактык, локалдуу, трансулуттук болуп бөлүнөт. Саясий плюрализмге негизделген системада топтор саясий партиялар, мыйзам чыгаруучулар, өкмөт кишилери, бюрократия, коомдук пикир аркылуу жасашат. Басым көрсөтүү тобунун бар болушу бир жагынан саясаттын субъектилеринин көбөйүшүнө алып келет, же көп партиялуулукка кошумча катары эле башка жагынан, ири Басым көрсөтүү тобунун ири монополиялык бюрократия менен кошулуп кетүүсү күтүлөт. Басым көрсөтүү тобунун иштөө методдору: бийликтегилерге кат менен кайрылуудан демонстрацияга чейин. АКШ, Европада, Басым көрсөтүү тобунун ишмердиги көзөмөлдөнөт. Натыйжада М. Дюверже айткандай, бул Басым көрсөтүү тобу кыймылын коррупциядан маалыматтыкка жеткирди. Ошону менен катар Басым көрсөтүү тобу күчөдү, б. а., АКШда агент-лоббисттер, атайын даярдалат, атайын бийликке басым көрсөтүүгө даярдалат. Басым көрсөтүүгө катышуучулар тобокелге салышат, анткени жеңилип калган учурда аларды репрессия күтөт. Басым көрсөтүү тобу негизинен мамлекеттин – саясий системанын ичинде болот да, бюрократтык аппараттын өз ара атаандашкан (жердешчил, клан, этникалык ж. б.) звенолорун түзүшөт. Басым көрсөтүү тобунун эл аралык саясатка тийгизген таасири аз изилденген. Бирок, Кытайда Басым көрсөтүү тобу же АКШда нефти өндүрүүдөгү Басым көрсөтүү тобу мамлекеттер ортосундагы мамилеге чоң таасирин тийгизери белгилүү.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы. – Б.: 2004, ISBN 9967-14-011-9