Батир-студия

Википедия дан

Батир-студия — эреже катары чоң эмес ички тосмолорусуз батир, анда ашкана, мейманкана жана уктоо бөлмөсү биригип бир бөлмөдө жайгашат. 20-кылымдын башында студиялар жашай турган кичине бөлмө болуп, минимум эмерек жана кээ бирде кабатта жалпы санитардык түйүн катары эсептелинчи.[1]

Бүгүн батир-студиялар кыймылсыз мүлктүн ар кандай сегменттеринде тартууланат. Эконом класста ал чоң эмес метраждагы батирлер. Ошондой эле элиталык үйлөрдө чоң аянттагы батир-студиялар да бар.

Ар кандай өлкөлөрдө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

АКШ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

АКШда студиянын орто көлөмү 46–56 м² түзөт.[2]

Аргентина[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аргентинада бир бөлмөлүү батир monoambiente (испанча mono – бул бир, а ambiente - бөлмө) деп аталат.

Германия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Германияда бир бөлмөлүү батирди адатта Garçonnière (французчадан garçon, бала, жаш жигит же бойдок дегенди билдирет) же Einzimmerwohnung («Ein» бир, «Zimmer» - бөлмө, ал эми «Wohnung» - батирди билдирет) деп аташат.[3]

Гонконг[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гонконгдо студия – бул 10 квадраттык метр аянты менен ванна жана ашканасы бар мини батир. Жашоо аянтынын минималдуу жеткиликтүү көлөмү автотуруктун көлөмүндөй болот.[4][5]

Канада[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Канадада студияны bachelor (бойдоктор батири) дешет.

Португалия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Португалияда батир-студияларда T0 (T-Zero) мааниси бар, 0 саны көз карандысыз уктоо бөлмөсү жок дегенди түшүндүрөт.[6]

Швеция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Швецияда батир-студияны etta, «бирдик» деп аташат. Алардын аянты кадыресе 20дан 40 м² чейин болот.[7]

Япония[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Японияда 10 м² аянты менен батир-студиялар wan rūmu manshon (бир бөлмөлүү өзгөчө үй) деп аталат.[8]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Monoambiente. monoambiente.com.ar. Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2022. Түп булактан архивделген күнү 4 -январь (үчтүн айы) 2022.
  2. The Truth About Apartment Square Footage. hotspotrentals.com. Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2022.
  3. Недвижимость в Германии: стоит ли покупать, цены, лучшие регионы!. egrp.ru. Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2022.
  4. Жизнь в Гонконге: Дорогая недвижимость, отсутствие личного пространства и тайфуны. journal.tinkoff.ru. Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2022.
  5. 迷你71呎開放式單位= 1個標準車位 點放傢俬好?. topick.hket.com. Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2022.
  6. Buying property in Portugal as a foreigner. wise.com. Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2022.
  7. Ett = One (1) & A; Etta = One-room flat. gothenburg-400.com. Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2022.
  8. Жильё в Японии (современные и традиционные дома). miuki.info. Текшерилген күнү 25 -январь (үчтүн айы) 2022.