Беджа (эл)
Беджа | |
Беджа малчылары | |
Мамлекеттер жана аймактар | |
---|---|
Бардыгы: 2,17 млн (2005ж.) | |
Тили |
беджа, араб |
Дини |
мусулмандар |
Расалык тиби | |
Кирет |
Беджа (будша, бедауйе, бедавир) — Судандын чыгыш аймактарын (1,9 млн), Мисирдин түштүк-чыгыш аймактарын (145 миң) жана Эритреянын түндүк-батыш аймактарын (125 миң) байырлаган кушит эли.
Жалпы саны 2,17 млн адам (2005ж.).
Уруулар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бишарин (бисарин, бисариаб), хадендоуа (хендава), амарар (үчөө биригип беджа элин түзөт), халенга, абабде, бени-амер. Абабде уруусун теги араб, бени-амер урусунун теги — тигре.
Тил
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Беджа тилинде сүйлөшөт. Бени-амер — тигре. Араб тили да кеңири таралган. Беджа тили кушит тилдердин бири. Беджа тили уруулук диалектилерге бөлүнөт.
Ишенимдер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ишенгендер сүннөттүк Исламдын шафит мазхабын тутушат.
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Беджа — байыркы автохтондук эл. Байыркы Египет булактарында алар "маджаи" этноними астында эскерилет. Алар Мероит жана Аксум падышалыктарынын, нубиялыктардын бийлиги астында болушкан. Беджа падышалыгы 7-8-кылымдарда болгон. Беджа эли узак убакыт бою араб экспансиясына каршы турушкан. 8-кылымда беджалар Эритреянын жерлерин басып алышкан. 9-10-кылымдарда ислам дини жайыла баштаган. Түштүктө христианчылык 15-кылымга чейин сакталып калган. 19-кылымдын аягында махдисттердин көтөрүлүшүнө катышкан. 20-кылымдын аягынан бери саясий көз карандысыздыктын талаптары коюлуп келет. Алар куралдуу кагылышууларга (Дарфур, Эритрея менен Эфиопия жана Судан менен Эритрея ортосундагы конфликтер) катышкан.
Экономика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Салттуу чарба көчмөн (меридионалдык багытта көчүп жүрүшөт) мал чарбасына (төө, майда мүйүздүү мал) негизделген. Эң престиждүү төө чарбасы (өзгөчө түндүктө бишарин менен амарарда өнүккөн). Беджанын жарымы (төмөнкү касталык) — дыйканчылык бөлүгү. Кызыл деңиздин жээгинде жашаган абабде — балыкчылык менен алектенишет. Айрымдары (халендоуа) пахта плантацияларында иштешет. Кээ бирлери табигый жыпар жыттуу чайырларды чогултушат.
Тамак-аш
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Салттуу тамак-ашы: төөнүн жана эчкинин сүтү. Кофе. Ботколор.
Салттуу кийим
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эркектердин салттуу кийими — узун көйнөк (галабея), кенен шым, чалма. Аялдардыкы — узун кара көйнөк, кенен шым, жоолук.
Эркектердин салттуу чач жасалгасы (тиффа) баштын төбөсүндө чач үйүлмө түрүндө болот. Ошондуктан, махдисттик көтөрүлүш учурунда британдыктар аларга «фуззи-вуззи» (англ. «fuzzy-wuzzy» — «үлпүлдөктөр») деп каймана ат коюшкан.
Коом
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Патрилинейлик кландар, салт укугу (салиф), касталык-уруулук система сакталып калган.
Маданият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Улуттук фольклор (мифтер, жомоктор, эпостор, макалдар) сакталып калган.
1994-жылдан бери Кызыл деңиз университетинде (Порт-Судан шаары) беджа элинин маданиятын изилдөө борбору иштейт.