Берта (эл)

Википедия дан

Бе́рта (барта, гамила, шангала, бени-шангул) — эл. Көк Нилдин түштүгүндө, Судан менен Эфиопиянын чектеш аймактарында жашайт. Саны 150 миң, анын ичинде: 80 миң Эфиопияда, 70 миң Суданда.
Шогале, агаро, даши, солок (фесака), фазогло, кошо жана башка субэтникалык топторго (уруу) бөлүнөт.

Берта

Үйлөмө аспаптарда ойногон берта
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 150 миң
 Эфиопия — 80 миң
 Судан — 70 миң

Тили

берта

Дини

Сүннөттүк Ислам

Расалык тиби

негроид

Тил

Эне тили — берта. Берта — обочолонгон (изоляцияланган) тил болуп таанылат.
Көпчүлүгү араб тилин билишет.

Дин

Дин боюнча көпчүлүгү Исламдын сүннөт багытынын тутушат.

Чарбалык иштер

Дыйканчылык (таруу-элевсина, тефф, дурра, таруу, жашылча) жана малчылык менен алектенишет. Көмөкчү ролду балык уулоо жана жыйноочулук (жапайы мөмө-жемиштер, бал) ойнойт.

Кол өнөрчүлүк

Устачылык, өсүмдүк буласынан токуу, жыгач, сөөк жана мүйүз оюмдары өнүккөн.

Турак жай, кийим

Турак-жайлар негизинен тегерек формада, чатыры бийик конус түрүндөгү.

Илгери салттуу кийимдер булгаарыдан жасалган белдемчи, өсүмдүк буласынан жасалган кыска юбка, булгаарыдан жасалган кепка, кездемелер болгон. Учурда бөлүштүрүлгөн кийимдердин арасында ак шым жана узун, кенен көйнөктөр, ошондой эле кара жүндөн жасалган чепкен бар.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]