Билге каган жазма эстелиги

Википедия дан

Могилян канга (Билге каганга) коюлган эстелик (683-735) Н. М. Ядринцев тарабынан 1889-жылы Орхон дарыясынын боюнда Эрдени Цзу деген будда монастрынын 60 чакырым түндүк жагынан табылган . Эстеликте Могилян ( Билге ) кагандын кандыкка келгендиги айтылат: “ Мен бар, бай элге кан болбодум. Мен сыртында тону, ичинде ашы жок элге кандыкка келдим”. Эстелик жазмада Билге кандын ички жана тышкы саясаты, анын жортуулдары жөнүндө толук кабар берилет. Эстеликтин акырында Билге канга анын тууганы Йоллыг тегин бир ай төрт күн ичинде ташка жазуу чегип, эстелик тургузгандыгы, оймо- чийме салдыргандыгы айтылат.
Ушул жерде белгилөөчү жагдай – бул үч жазма эстелик тең мазмундук жагынан үндөшүп, айрым сап-түрмөктөр барында кайталанат ( “ эл үчүн түн уктабадым, күндүз олтурбадым”, “Баштуусун жүгүнткөн, тизелүүсүн бүгүлткөн “) , Билге каганга коюлган эстеликте дааскердик жортуул саналат: Билге каган да!? жашынан жоого аттанып , таңгут,табгыч, түргөш, кыргыз, карлук сыяктуу уруулар менен согушуп, түрк элине эркиндик алып берет, элдүүлүгүн сактап, мамлекетин калыбына келтирет. Билге кагандын акылман өкүмү жүргүзгөн бийлиги түрк элин бейпил жашоо, өзүн-өзү башкаруу абалына жеткирет. Бул идея тексттин башынан аягына чейин улам тереңдеп, чыйралып отурат. Дал ошол эрдик, адилет өкүм үчүн Билге каганга эстелик тургузулуп, күмбөз курулат. Жазмадан Билге кагандын элдин биримдигин түзүп, чачылганын кураштыргандыгы, муң-зардан кутулгандыгы, оңолгон турмушка жеткиргендиги идеялык өзөк болуп өтүп олтурат. Мына ушунусу менен эстелик биз үчүн баалуу, кайталангыс көркөм казына.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ж.. Шериев Байыркы адабият тарыхы Бишкек – Ош 2000