Билим берүү реформасы
Билим берүү реформасы– билим берүү системасындагы олуттуу өзгөрүүлөр.
Билим берүү реформасы «Билим берүү системасын өнүктүрүү концепциясы» (1992) жана «Билим берүү мыйзамы» (1992) Билим берүү реформасынын укуктук-нормативдик негизи болуп калды. Эгемендүүлүк жылдарындагы билим берүү системасындагы негизги өзгөрүүлөргө орто мектептердин 11 жылдык окуу мөөнөтүнө толук өтүүсүн, орто, атайын орто жана жогорку окуу жайларынын менчик калыбын, тибинин жана мазмуунунун ошондой эле окуу программаларынын көп түрдүүлүгүн (варианттуулугун), окуу жайларынын жаңы муундагы компьютерлер менен жабдылып дүйнөлүк информациялык системага кирүүсү, жаңы муундагы окуу китептеринин пайда болушун, окуучулар жана студенттердин чет өлкөлөрдө, чет өлкөлүктөрдүн бизде окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун эл аралык уюмдардын программаларынын биздин окуу жайларга кириши аркылуу дүйнөлүк билим берүү системасына интеграцияланууну ж. б. кошууга болот. 1996-ж. кабыл алынган улуттук «Билим» программасы да бул процессти стабилдештирүүгө арналды.
Өлкөдөгү саясий-экономикалык өзгөрүүлөр билим берүүнүн максаттарын кайра карап чыгуу милдетин койду. Билим берүү тармагынын өнүгүү багыты 2025-жылга чейинки «Кыргыз Республикасынын Билим берүү боюнча мамлекеттик доктринасында», Кыргыз Республикасынын 2010-жылга чейинки өнүгүүсүнүн комплекстүү негиздеринин стратегиялык программасында» белгиленип, аны ишке ашыруу жолдору Кыргыз Өкмөтү 2001-ж. март айында бекитилген «КРнын 2010-жылга чейин билим берүүнү өнүктүрүү концепциясында» көрсөтүлгөн.
Реформанын негизги максаты – өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн жана экономикалык өсүшүн, адам ресурсунун коомдук өзгөрүүлөргө ылайык өркүндөшүн жана инсандын билимге болгон талабын канааттандырууну шарттаган эффективдүү билим берүү системасын түзүү. Муну жүзөгө ашыруу үчүн төмөндөгү артыкчылыктуу маселелерди чечүү талап кылынат:
– билим берүүнү башкаруунун эффективдүү коомдук-мамл. системасын түзүү;
– билим сапатын гарантиялаган ийкемдүү механизмдерди түзүү;
– бардык деңгээлде сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүктү шарттаган мамл. гарантияны камсыз кылуу;
– билим берүү кызматын эксперттөөгө шарт түзүү.
Билим берүү реформасынын негизи багыттары болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
– мектепке чейинки билим жана тарбия берүүнү пропагандалоо жана мектепке чейинки тарбиялоо мекемелеринин тармагын кеңейтүү;
– орто мектепте 12 жылдык билим берүү мөөнөтүнө өтүү менен билим берүүнүн мазмунун, стандарттарын кайра карап чыгуу;
– билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо системасын өркүндөтүү жана улуттук тест жүргүзүү системасын киргизүү аркылуу билим сапатын гарантиялоо механизмдерин бекемдөө жана агартуу мекемелеринин ишмердигин баалоо механизмдерин күчөтүү;
– көз каранды эмес тест жүргүзүү кызматын уюштуруу;
– Кыргызстандын билим берүү системасын бүткүл дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине интеграциялоо;
– башкаруунун мамл.-коомдук органы катары билим берүү мекемелеринде «Камкорчулар кеңешин» түзүү;
– эмгек рыногун изилдөө аркылуу билим берүү саясатын жөнгө салуу;
– билим берүү чөйрөсүндө рынок мамилелерин өнүктүрүү, мамлекеттик каражатты пайдалануунун эффективдүүлүгүн арттыруу жана билим берүү мекемелерин каржылоонун көп түрдүүлүгүн камсыз кылуу аркылуу билим берүү системасында финансылык-экономикалык мамилелерди турукташтыруу жана өнүк-түрүү ж. б.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,