Булуң

Википедия дан
Булуң.

Булуң (орусча залив) — океан, деңиз же көлдүн кургактыкка кирип турган бөлүгү. Булуң суусу океан, деңиз суулары менен эркин алмашып турат. Кээде дүйнөлүк океандын гидрологиялык режими боюнча деңиз болуп эсептелген айрым бөлүктөрү да булуң деп аталат; мисалы, Мексика булуңу, Гудзон булуңу, Перс булуңу. Ысык-Көлдүн ири булуңдары: Түп, Жыргалаң, Кызылсуу жана башка.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]