Вала (эл)

Википедия дан

Вала (вале, ала, уала, валба, виле) — Гананын түндүк-батышында, Кара Вольта менен Кулпон дарыяларынын ортосунда жашаган эл.
Саны 137 миң адам (2006).
Вала элине да­га­ри, би­ри­фор, мо­си, мам­пру­си, да­гом­ба этностору жакын.

Тил

Вала (вали) тили Нигер-конго макробүлөсүнүн курамындагы гур уясына кирет.
Вала арасында мооре тили да кеңири таралган.

Дин

Калктын бир бөлүгү — мусулмандар (сүннөттөр).
Калгандары — жергиликтүү салттуу ишенимдер (ата-бабаларга, жердин, оттун, суунун жана асылдуулуктун рухтарына сыйынышат) жана христиан (протестанттар) динин карманышат.

Чарбалык иштер

Негизги кесиптери — кол менен иштетилген тропикалык жер чарбасы (таруу, жүгөрү, ямс, күрүч, жер жаңгак, жашылчар, буурчак өсүмдүктөр) жана малчылык (ири жана майда мүйүздүү мал).
Аңчылык менен да алектенишет.
Ошондой эле какао плантацияларда жана кен байлыктарды казып алуучу өнөр жайда эмгектенишет.

Кол өнөрчүлүк

  • темир устачылык;
  • токуучулук;
  • карапачылык;
  • тери иштетүү.


Турак жай

Чатыры жалпак болгон тик бурчтуу чоподон жасалган турак-жайлар мал үчүн короо катары кызмат кылган жабык короону түзөт.

Кийим

Күнүмдүк кийим — белдемчи. Чоң майрамдарда зыгыр буласынан же пахтадан тигилген узун ак көйнөк кийишет.

Коом

Патрилинейлик үй-бүлөлөр сакталып калган.
Жердин культунун дин кызматчылары жана тендана көзү ачыктары, «жердин сакчылары» чоң таасирге ээ.
Ска­ри­фи­ка­ция (ритуалдык тырык түшүрүү) практикаланат.

Тарых

Уламыш боюнча вала ата-бабалары Мампруси өлкөсүнөн көчүп келишкен. 17-кылымда вала автохтондук калкты (лоби жана дагари) баш ийдирип, Ва аттуу алгачкы саясий бирикме түзгөн. Ва курамына лоби, дагари, сисала, авуна, ошондой эле мампруси, дагомба, хауса сыяктуу элдер кирген. Ваанын негизги калкын дал ошолор түзүшкөн, алардын аты бат эле жалпы этнонимге айланган. 18-19-кылымдарда Ва Гонжиге көз каранды болгон, 1880-жылдары — Самори (Уасулу) мамлекетинин курамында.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

https://bigenc.ru/ethnology/text/1894925 Archived 2022-09-10 at the Wayback Machine