Варшавa келишими уюму

Википедия дан
Варшавa келишими уюму

Мүчөлүк:

 ССРС
 Албания
 Болгария
 Чехия
 Германия Демократиялык Республикасы
 Венгрия
 Польша
 Румыния

Штаб-квартира:

 ССРС, Москва, Ленинград пр., 41

Ырасмый тилдери:

Орус тили, Немис тили, Поляк тили, Мажар тили, Чех тили, Словак тили, Румын тили, Болгар тили

Жетекчилери
Колбашчы

1955—1960: Конев, Иван Степанович

Колбашчы

1960—1967: Гречко Андрей Антонович

Колбашчы

1967—1976: Якубовский Иван Игнатьевич

Колбашчы

1977—1989: Куликов Виктор Георгиевич

Колбашчы

1989—1991: Лушев Пётр Георгиевич

Негизделген
Келишимге кол коюулган

1955-жыл, 14-май

Жоюлушу
Таркатылган

1991-жыл, 1-июль

Варшавa келишими (1955) Албания, Болгария, Венгрия, Германия Демократиялык Республикасы (ГДР), Польша, Румыния, СССР жана Чехословакиянын ортосундагы достук, кызматташтык жана өз ара жардамдашуу жөнүндөгү келишим. Европада тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча европа мамлекеттеринин Варшава кеңешмесинде 14-майда кол коюлган. Варшавa келишиминин негизинде Варшава келишим уюму түзүлгөн. Албания 1962-жылдан Варшавa келишиминин ишине катышпай, 1968-жылы сентябрда андан кол үзгөн. Париж макулдашууларынын (1954) ратификацияланышынан кийин, Варшавa келишими 1955-жылы Батыш Европанын алдыңкы өлкөлөрү менен АКШнын ортосундагы согуштук союздун түзүлүшүнө алып келген. Бул келишим социалисттик өлкөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, Европада тынчтыкты сактоо максатын көздөгөн. БУУнун Уставына ылайык Варшавa келишимине кол койгон тараптар эл аралык мамилелерде күч колдонуудан баш тартууга, массалык кыргын салуучу жана башка куралдарды кыскартуу үчүн натыйжалуу чараларды жүргүзүүдө чечимдерди чогуу кабыл алууга, жалпы кызыкчылыктарды камтыган бардык маселелер боюнча консультация өткөрүүгө, анын ичинде келишимдин бир же бир нече катышуучусуна куралдуу кол салуу коркунучу пайда болсо, өз ара жардамдашууга, Варшавa келишимине каршы максатта түзүлгөн кандай гана уюм же союз болбосун, ага катышпоого милдеттенишкен. Келишимдин мөөнөтү 20 жыл, эгер бул мөөнөт бүткөнгө чейин бир жыл калганча тигил же бул өлкө келишимди денонсациялоо тууралуу Польша өкмөтүнө билдирбесе, мөөнөт өзүнөн өзү 10 жылга узарат. Өз ара пикир алмашууга жана Келишимди ишке ашырууга байланыштуу маселелерди карап туруу үчүн Саясий консультациялык комиссия, ошондой эле Куралдуу күчтөрдүн бириккен командованиеси (жайгашкан жери Москва шаары) түзүлгөн. Келишимдин мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, Варшавa келишими ага кирген мамлекеттер тарабынан 1985-жылы 26-апрелде дагы 20 жылга узартылган. Германия Федеративдик Республикасы (ГФР) менен бириккендигине байланыштуу ГДР 1990-жылы 24-сентябрда Варшавa келишиминен чыккан. Болгария, Польша, Венгрия, Румыния, СССР жана Чехословакия Варшавa келишими күчүн жоготкондугу тууралуу токтомго 1991-жылы 1-июлда Прага шаарында кол коюшкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]