Вильнер, Меир

Википедия дан

Вильнер, Меир (23. 10. 1918-ж. т.) — [[Израиль] - 5 июнь 2003, Тель-Авив, Израиль)] коммунисттик жанa жумушчу кыймылынын жетекчиси.

Билими боюнча тарыхчы. 1938-ж. Палестинага барып, Палестина коммунисттпк партиясынын (ПКП) катарына еткен (1940). 1943—48-ж. ПКП БКнын Саясий бюросунун мүчөсү жанa секретары, 1948— 65-ж. Израиль компартиясынын (ИКП) Саясий бюросунун мүчөсү жана секретары. 1965—69-ж. ИКПнин Сая­сий бюросунун секретары, 1969-жылдан ИКП БКнын Ген. секретары. 1949 -жылдан киесетке (парламентке) депутат. Коммунисттик жанa жумушчу кыймылы, араб-израиль мамилелери боюнча эмгектердин автору. вильно конфликти (1920—зэ) - Вильно ш. (азыркы Вильнюс) жана Вильно обл. үчүн Польша менен Литванын чыр-чатагы. 1920-ж. 12-июлдагы совет-литва договору б-ча Вильно жана ага тутумдаш область Литванын сос­тавила кирген. Польша өкмөтү да Литванын Вильного укуктуулугун 1920-ж. 7-октябрдагы польша-литва договорунда ырастаган. Бирок 1920-ж. 9-октябрда Польша аскерлери Вильнону басып алган. Батыш державалары бул аннексияны закондоштуруу максатын кездоген. Англия, Италия, Япония элчилеринин Париждеги конф-ясында (1923, 15-март) Вильно областын Полыпанын карамагында калтырууга чечим кылынган. Литва бул чечимди четке каккан. Совет өкмөтү да өз нотасында аны тааныбастыгын билдирген. Совет өкмөтүнүн чечкиндүү аракетинен улам Литва көз карандысыздыгын сактап калган. 1938-ж. мартта Польша менен Литва өз ара дипл. мамиле түзгөн. Сов. Армия бошоткон соң 1939-ж. 10-октябрдагы до­говор боюча Вильно обл. Литвага өткөрүлүп берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.