Вудро Вильсон

Википедия дан
Вильсон (Уилсон) Томас Вудро‎»‎ барагынан багытталды)

Вильсон (Уилсон) Томас Вудро - (28.12.1856, Стантон 3.2.1924, Вашингтон) АКШнын 28-президенти. Принстон университетин бүтүргөн (1879). 1883-ж. илимий карьерасын баштап, 1886-ж. философия доктору наамын алган. 1890-1902-ж. профессор, 1902-10-ж. Принстон университетинин президенти, 1910-12-ж. Нью-Жерси штатынын губернатору. 1913-21-ж. Демократиялык партиядан АКШнын Президенттигине шайланган. «Жаңы эркиндиктер» деп аталган программасын иштеп чыгып, анда атаандаштыкты колдонуу, коррупция менен күрөшүүнү күчөткөн. Тышкы саясатта алгач бейтарап абалды сактоону жактап, кийин Германияга каршы согушка катышуу чечимине келген. 1917-ж. 6-апрелде АКШ Германияга каршы согуш жарыялаган. Ушундан тарта Вильсон согуштан кийинки дүйнөлүк тартип орнотуунун негизги принциптерин камтыган «14 пункт» деп аталган программасын иштеп чыккан. Анын бир пунктунда камтылган эларалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча мамлекеттер аралык уюмду Улуттар Лигасын түзүү идеясы согуштан кийинки Париж тынчтык конф-ясында ишке ашкан, бирок, анын бул идеясын АКШнын Сенаты колдобой, Версаль тынчтык келишимин (1919) ратификациялоодон баш тарткан. Президенттик мөөнөтү аяктаган соң, Вильсон саясий ишмердүүлүгүн токтоткон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]