Волга бою дөңсөөсү
Көрүнүш
Волга бою дөңсөөсү - Волганын оң жээгинде, Горький шаарынан Волгоград шаарына чейин созулуп жатат.
Басымдуу бийиктиги 150—200 м, бийик жери 367 м, туурасы 500 км ге чейин. Дөңсөө жылга-жыбыттуу, Волга жагы тик, Ока-Дон ойдуңуна карай жантайыңкы. Башкы «тоолору»: Змеева, Жигули, Столбичи. Волга бою дөңсөөсүнө рельефтин структуралык формаларын түзүүчү тектоникалык валдар, бүктөлүүлөр мүнөздүү. Аки таш теги, чопо, кум, мергель ж. б. борпод тоо тектеринен түзүлүп, карст кубулуштары өнүккөн. Нефть, күйүүчү газ, асфальт, фосфорит ж. б. алынат. Токойлуу талаа жана талаа ландшафттары басымдуу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.