Воронов, Николай Николаевич

Википедия дан

Воронов, Николай Николаевич [23. 4(5. 5). 1899, Петербург — 28. 2. 1968, Москва] — сов. аскер кызматкери, артиллериянын Башкы маршалы (1944[1]), Сов. Союз. Баатыры (1965), 1919-жыл­дан КПСС мүчөсү.

  • 1918-ж. өз ыктыяры менен Кызыл Армияга кирип, Гражд. согушка катышкан. 2-Петроград артиллериялык курсун (1918), Командалык составдын артилл. жогорку мектебин (1924) жанаa М. В. Фрунзе атн. Аскер академиясын (1930) бүтүргөн.
  • 1918—34-ж. аскердик жетекчи ж-a штаб кызматтарында иштеген. 1934-жылдан 1-Ленинград артилл. окуу жайын башкарат.
  • 1937—41-ж. Кызыл Армия артиллериясына башчы, Артиллериянын башкы башкармасынын башчысына орун басар.
  • 1941-жылдын июлунан 1943-жылдын мартына чейин Коргоо ЭКСтин орун басары, 1950-жылга чейин артиллерияны башкарган.
  • 1950— 53-ж. Артиллерия ИАга президент. 1953—58-ж. Командачылардын согуштук артилл. академпясынын башчысы.
  • 1958-жылдан СССР коргоо мининстерствосунда жооптуу иштерде иштеген.
  • Улуу Ата Мек. согуш жылдары Жог. Башкы Командачынын өкүлү катары Батыш, Ленинград, Түш.-Батыш, Брянск, Воронеж, Сталинград, Дон ж. б. фронттордогу операцияларды даярдоого жанa өткөрүүгө катышкан.
  • «Аскер кызматында» (1962) деген китеп жазган.
  • СССР Жог. Советине (2-шайл.) депутат. Алты Ленин ордени, Октябрь Революциясы, 4 Кызыл Туу, 1-дараж.
  • 3 Суворов, Кызыл Жылдыз ордени, чет өлкөлүк 5 орден, медалдар жанa сый курал менен сыйланган.
  • Сөөгү Кызыл аянттагы Кремль дубалына коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.

  1. Указ Президиума Верховного Совета СССР «О присвоении маршалу артиллерии Воронову Н. Н. военного звания главного маршала артиллерии» от 21 февраля 1944 года // Ведомости Верховного Совета Союза Советских Социалистических Республик : газета. — 1944. — 29 февраля (№ 12 (272)). — С. 1