Гавиан агын суусу
Көрүнүш
Гавиан агын суусу
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 33 км |
бассейндин аянты | 237 км² |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Баткен облусу |
Район | Кадамжай району |
Гавиан агын суусу — Кадамжай районунда жайгашкан агын суу, Сох дарыясынын оң куймасы.
Гараты суусу кошулгандан кийин Сохко куят. Узундугу 33 км, алабынын аянты 237 км2. Алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2900м. Суу куралуу облусуна кирет. Куруксай тоосунун түндүк капталынан агып түшөт. Жогорку бөлүгү кууш колот аркылуу агып, ортоңку бөлүгүндө Тескей тоосунан өткөндө өрөөнгө чыгат. Боюнда токой кездешет. Жылдык орточо чыгымы 1,90 м3/сек, эң көбү май–июнда, эң азы январь–февралда байкалат. Жээгинде Хайдаркен, Чечме, Ормош ж.б. кыштактар жайгашкан.Кобунчо сугатка пайдаланылат.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстан географиясы, Бишкек 2004