Газотрон

Википедия дан

Газотрон— электр разряддуу башкарылбоочу вентиль катарында пайдаланылуучу эки электроддуу иондуу прибор.

Газотрондун электроддору (анод жана катод) 0,1—0,25 сым. мам. мм (1 сым. мам. мм = 133,322 н[м2) басымдагы инерттүү газдын же газдардын аралашмасынын же 0,001—0,01 сым. мам. мм басымдагы сымап буусунун ичине жайгаштырылат.

Анод никелден, болоттон же графиттен жасалат. Газотрон негизинен радио-бергичтерде өзгөрмө токтун жог. вольттуу түзөткүчтөрүндө колдонулат. Газотрон толтуруулучу газдын же металлдардын буусунун (аргон, гелий, сымап буусу) түрүнө, аноддун конструкциясына (ачык, чала жабык жанa жабык), түзөтүлүүчү чыгалуунун амплитудасына (төмөнкү вольттуу, нормалдуу жанa жог. вольттуу) карата айырмаланат. Аноддогу чыңалуусу 300 в ко чейинкилери төмөнкү вольттуу, 15 кв ко чейинкиси нормалдуу жана 70 кв ко чейинкиси жог. вольттуу Газотрон болот.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.