Гамма-глобулиндер

Википедия дан

Гамма-глобулиндер — кан сары суусунун белогунун курамдык бөлүгү. Анда ар кандай микроорганизмдердин оору пайда кылуучу таасирин жоготуу касиетине ээ антитело болот.

Гамма-глобулиндер вирус, бактерия, спирохета жана жөнөкөйлөрдү өлтүрүп, бир катар жугуштуу ооруларды (айрыкча балдардын) алдын алуу жана дарылоодо маанилүү. Гамма-глобулиндерди куйганда организмде иммунитет пайда болот. Демейде гамма-глобулиндер белгилүү оору менен ооруп айыккан кишинин же атайын тийиштүү вакцина куюлган жаныбардын (көбүнчө жылкынын) канынан жасалат. Алдын алуу максатында гамма-глобулиндер оорулуу менен бирге болгон кишилердин булчуңуна куюлат. Аны куйганда оору жеңилирээк өтүп, ар кандай кабылдоолор азаят. Азыр ал сасык тумоо, вирустуу гепатит, паротит, кызылча, чечек, ичөткөк, скарлатина, көк жөтөл, күйдүргү жана башкаларга каршы колдонулат.




Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8