Гандисышань

Википедия дан
Кайлас тоосу.

Гандисышань ТрансгималайТибет тайпак тоосунун түштүгүндөгү тоо системасы. Кытайда Гималай тоолоруна жарыш 1600 кмге созулуп жатат. Гранит, кварцит, сланец, акиташ тоотектеринен түзүлгөн. Негизги кыркатоолору Кайлас, Алинг-Гангри, Ньэнчен-Танглха. Алар Гималай тоолорунун түштүгүндөгү Цангпо (Брахмапутра), Инд дарыясынын жогорку өрөөндөрү менен бөлүнүп турат. Басымдуу бийикт. 5000-5500 м, эң бийик жери 6696 м, Кайлас тоосунда. Түндүк капталы анча тилмеленген эмес, түштүгү тик. Тектоникалык жактан Альп Гималай кыймылдуу зонасында жайгашкан. Тоо аралык өрөөндөрдө көл (Намцо жана башка) көп. Бийик тоолуу талаа, суук чөл; нымдуу Түштүк капталдарында шалбаа жана бадал өсөт. Анча чоң эмес мөңгүлөр бар. Негизинен жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]