Гапыров Абазбек

Википедия дан

Инсандын Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүлүктү шаарында 1958-жылдын 28-августунда кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. 1956-70-жылдары Сүлүктү шаарындагы №4-мектепте окуган. 1970-жылы атасы Лейлек районунун Андарак айлына кызматка которулгандыгына байланыштуу ал билим алуусун "Искра" атындагы мектепте улантткан. 1972-75-жылдары Ош шаарындагы В.Терешкова атындагы мектеп-интернатта окуйт.

1970-жылы КМУну бүтүп, "айыл чарбасындагы бухгалтердик эсеп" адистигине ээ болгон. Ошол эле жылы Кыргыз ССРинин Баалар боюнча Мамлекеттик комутетине иштөө менен эмгек чыйырын баштаган. Бул жерде ал 1988-жылга чейин экономист, жетектөөчү экономист, бөлүмдүн началниги болуп иштейт. 1988-94-жылдары Кыргыз ССРинин Мамилекеттик Пландоо комитетинин Баалар башкармасынын АПК бөлүмүнүн башчысы, башкарма начальниги, төраганын биринчи орун басары болгон. (Бул жылдары комитет бир нече ирет кайрадан уюуштурулган).

Азыркы кезде кайра түзүлгөн монополияга каршы саясат боюнча Мамилекеттик департаменттин Башкы директорунун орун басары болуп иштөөдө.

Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

Кызматты максат менен Түркия, Япония, АКШ, Словенияда болгон.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Г.Мадаминов "Лейлек жана Лейлектиктер тарыхы". Бишкек 1998-жыл