Гарибальди Жузеппе

Википедия дан

Гарибальди Жузеппе - (4.7.1807, Ницца шаары -2.6.1882, Капрера аралы) Италиянын элдик баатыры. Рисоржименто улуттук-боштондук кыймылдын жол башчысы, генерал. Катардагы матростон 1832-ж. «Эвридика» соода кемесинин капитандыгына чейин өсүп жеткен. 1833-жылдан «Жаш Италия» уюмуна мүчө болуп кирип, улут азаттыгы үчүн күрөшкө аралашкан. Революциячыл иши үчүн өлүм жазасына сыртынан өкүм кылынган да, Түштүк Америкага эмиграцияга кетип, он жыл бою Рио-Гранди менен Уругвай республикаларынын көзкаранды эместиги үчүн күрөшкөн. 1848-1849-ж. Италиядагы революция алдында өз жерине кайтып келген. Революция жылдары Австрия-Италия согушуна катышкан. Ал Рим республикасын түзүүгө (9-февраль, 1849-ж.) жетекчилик кылып, Римди коргоону уюштурган. Республика кулаганда 4 миң адамдан турган отряд менен Венециядагы революцияга жардамга барган. Ушул жүрүштө ал душман колуна түшүп, чет элге сүргүнгө айдалган. 1849-54-ж. сүргүндө жүргөн. Австрия-Италия-Франция согушунда (1859) да ыктыярдууларга командачы болуп, 1860-ж. «Миңчилердин» жүрүшүн жетектеп, Сицилиядагы элдик көтөрүлүшкө катышкан. Натыйжада Италиянын түштүгү Бурбондор бийлигинен бүт бошотулган. 1870-1871-жылдардагы Франция-Пруссия согушунун учурунда француз республикачыларынын тарабында согушкан. Гарибальди Италияны азат кылуу жана бириктирүү маселесин өзүнүн өмүрлүк иши деп эсептеген. Ал венгрлердин, поляктардын, гректердин улуттук боштондук кыймылына тилектештигин билдирген. Элинин боштондугу үчүн күрөшкө өмүрүн арнаган Гарибальди италян элинин улуттук сыймыгына айланган. Италиянын дээрлик ар бир шаарында анын ысмында көчө бар.Адабият: Лурье А Гарибальди. 1807-1882. М., 1957; Невлер (Виллин) В. Дж. Гарибальди. М., 1961.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]