Георги Иоганн Готлиб
Георги Иоганн Готлиб (немисче - Johann Gottlieb Georgi, 1729-1802) - атактуу немис окумуштуусу, өз учурунун өтө көрүнүктүү медиги, химик, натуралист жана этнографы. Россиянын жана Россия империясынын тарыхында эң алгачкы этнографиялык эмгекти жазган окумуштуу, Россия Илимдер академиясынын академиги, минерологиянын профессору, 1768-1774 жж. академиялык илимий экспедициялардын катышуучусу болгон.
Георги Иоганн Готлиб жана И.Е.Фишердин эмгектеринде Енисей аймагындагы кыргыздар менен Теңир-Тоо кыргыздарынын жалпылыктары тууралу эң алгачкы көз караштар айткан. Өз учурунда орус бийлик өкүлдөрү жана илимпоздор окумуштуу Иван Иванович Георги деп аташканы белгилүү.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Георги Иоганн Готлиб 1729-ж. 31-декабрында Помераниядагы Вахгольцхаген шаарында диниятчыл адамдын (пастор) үй бүлөсүндө туулган. Мектептен соң аптекарлык кесипти алып эмгектене баштайт. Швециядагы Уппсала университетинде медицинадан билим алган, Кар Линнейдин берген дарстарын уккан. Ошол эле университетте илимдин докторлук даражасына ээ болот. Швециядан келгенден соң бир катар жылдар бою формацевт (дары жасоочу) болуп өз ишин уланткан. Санкт-Петербургда ири илимий экспедициялар уюштурулп жаткандыгынан кабардар болгон Георги Иоганн Готлиб өзүнүн эмгегин жана билимин сунуш эткен экен. 1768-ж. П.С.Палластын илимий экспедициясына катышууга үлгүрөт. 1770-ж. профессор И.-Ф.Фальктын жардамчысы катары Оренбург аймагына экспедицияга катышкан. 1771-ж. Уралда башкырлардын арасында болот. Андан соң Колыван күмүш кендерине, Барнаулга, Алтай тоолорунда жайгашкан кен иштетүү жерлерине чейин барган. Ошол эле жылы Томск шаарына келишкен, ал аймакты кунт коюп үйрөнүүгө киришишкен. П.С.Палластын тапшыруусу менен Байкал, Ангара, Селенга аймактарын изилдеп, Иркутскиге келген. Урал, Саратов, Астрахань, Тобольск, Тарск, Екатеринбур ж.б. аймактарды изилдеген. Волга боюндагы жашаган чуваш, мари, мордвалардын этнографиясы боюнча маалыматтарды жыйнаган. Экспедиция жетекчиси И.П.Фальк каза болгондон кийин анын эмгектерин басмага даярдап, чыгарган. Георги Иоганн Готлиб экспедиция учурунда эбегейсиз зор маалыматтарды жыйнаган, анын материалдарынын бир бөлүгүн П.-С.Паллас оз эмгегин жазууда пайдалангандыгы белгилүү. Бул эмгеги үчүн императорица Екатерина II тарабынан сыйлык жана ири суммадагы акча каражатына ээ болгон. Санкт-Птербургдагы эн алгачкы химиялык лабороторияны негиздеген. 1802-ж. дүйнөдөн кайткан.
Негизги эмгектери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Johann Gottlieb Georgi. Reisen durch verschiedene Provinzen des Russ. Reichs (1771—1777).
- Johann Gottlieb Georgi. Beschreibung aller Nationen des Russischen Reichs, ihrer Lebensart, Religion, Gebräuche, Wohnungen, Kleidung und übrigen Merkwürdigkeiten. — Санкт-Петербург: Müller, 1776—1780. (2-е изд., Лейпциг, 1782) (В русском варианте: Иоганн Готлиб Георги. Описание всех в Российском государстве обитающих народов, также их житейских обрядов, вер, обыкновений, жилищ, одежд и прочих достопамятностей. Часть вторая. О народах татарского племени и других нерешенного еще происхождения северных сибирских. — Санкт-Петербург, 1776—1777. (2-е изд: Санкт-Петербург, 1779)); Современное издание — Иоганн Готлиб Георги. Описание всех обитающих в Российском государстве народов, их житейских обрядов, обыкновений, одежд, жилищ, упражнений, забав, вероисповеданий и других достопамятностей. — М.: Библиотека РУСАЛа, 2007. — 128 с.
- Георги И.Г. Описание российско-императорского столичного города Санкт-Петербурга и достопримечательностей в окрестностях оного, с планом 1794 - 1796. — СПб.: Лига, 1996. — 528 с. — ISBN 5-88663-003-1. — вышло на немецком языке в 1790 году, второе издание — в Риге (1793), переведено на русский язык и издано в Санкт-Петербурге в 1794 году.
- Geographisch-physikalische und Naturhistorische Beschreibung des Russischen Reiches в 9 томах с чертежами. Вышло в Кенигсберге (1797—1802).
- Johann Gottlieb Georgi. Bemerkungen einer Reise im Russischen Reich 1772—1774. — St. Petersburg: Kaiserl. Academie der Wissenschaften, 1775. — Комментарии к путешествию по Российской Империи в 1772—1774 годах.
- Beschreibung aller Nationen des Russischen Reichs, ihrer Lebensart, Religion, Gebraeuche, Wohnungen, Kleidung und uebrigen Merkwuerdigkeiten (Санкт-Петербург, Müller: 1776—1780 годы; 2-е изд., Лейпциг, 1782) Тома 1-4 (нем. , готический шрифт).
- Описание всех в Российском государстве обитающих народов, также их житейских обрядов, вер, обыкновений, жилищ, одежд и прочих достопамятностей. Часть первая. О народах финского племени. Санкт-петербург, 1776.
- Описание всех в Российском государстве обитающих народов, также их житейских обрядов, вер, обыкновений, жилищ, одежд и прочих достопамятностей. Часть вторая. О народах татарского племени, 1776.
- Описание всех в Российском государстве обитающих народов, также их житейских обрядов, вер, обыкновений, жилищ, одежд и прочих достопамятностей. Часть третья. Самоедские, Манджурские и Восточно-Сибирские народы. Санкт-Петербург, 1777.
- Johann Gottlieb Georgi. Bemerkungen einer Reise im Rußischen Reich 1772 - 1774. — St. Petersburg: Kaiserl. Academie der Wissenschaften, 1775
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Каратаев О.К. Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015.