Гермсир

Википедия дан

Гермсир - Гармсир, Гермезир, Дештестан — Иран жана Пакистан дагы чөл. Оман булуңу жанa Ормуз кысыгынын жээгинде.

  • Уз. 1500 км, туурасы 80 км ге жакын. Гермсир кум-чопо, шагыл жанa пролювий чөкмөлөрү менен капталган.
  • Климаты тропиктик, январдын орт. темп-расы (Жаск ш-нда) 19,4°С, июлдуку 32,5°.
  • Жылдык жаанчачыны 120 мм.
  • Дениз жээктеринде шорлуу саздар көп.
  • Оазистерде курма пальмалары бар.
  • Кышында калың эфемер чөбү өсөт.
  • Гармсир жайыт катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.