Гола

Википедия дан

Гола (гула) — эл.
Либерия (түндүк-батыш) — 150 миң адам;
Сьерра-Леоне (чыгыш) — 10 миң адам.

Гола

Гола аялдары
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 260 миң адам
 Либерия — 150 миң
 Сьерра-Леоне — 10 миң

Тили

гола,
англис

Дини

жергиликтүү салттуу ишенимдери

Расалык тиби

негроид

Токойлуу жерде жашашат.
Гобла, денг, конгбаа, сене, теге топторго бөлүнүшөт.
Материалдык жана рухий маданияты боюнча менде элине жакын.

Тил

Гола тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүк англис тилин билет.

Дин

Жергиликтүү салттуу ишенимдерди карманышат (жаратылыш күчтөрүнүн, ата-бабалардын культу).

Чарбачылык

Негизги кесиби – кол менен иштетилген (кыю жана күйгүзү жол менен жерди бошотуу) жер чарбасы (күрүч, жер жаңгак, маниок, жүгөрү, батат, ямс). Мал багышат.

Социум

Гола салттуу түрдө башчылар жетектеген чакан жамааттарга уюштурулган. Жашыруун союздар маанилүү роль ойнойт ("Поро" эркектер союзу ж.б.). Салт боюнча ар бир адамдын руханий шериги (neme) болушу керек.

Турак жай

Алар чоң кыштактарда жана чакан сезондук коңуштарда жашашат. Турак жай тегерек (кээде тик бурчтуу), бийик конус түрүндөгү чатыры пальма жалбырактарынан жана самандан жасалган, токулган дубалдары чопо менен капталган.

Салтуу кийим

Салттуу кийим — жамбашка оролгон кездеме.

Тамак-аш

Негизги тамак-аш — күрүч жана жүгөрүдөн ботко, фонио, банан, жашылчалар, балык.

Маданият

Музыкалык фольклор, анын ичинде бий өнүккөн.

Гола элинин белгилүү инсандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Тейлор, Чарльз (энеси жактан) — Либериянын президенти (1997—2003).
  • Джонсон-Серлиф, Элен — Либериянын президенти (2006—2018).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Андрианов Б.В. Гола // Народы и религии мира/ Глав. ред. В.А.Тишков. М.: Большая Российская Энциклопедия, 1999. С. 136
  • Vogel S., People of Wood: Baule Figure Sculpture // "Art Journal", Vol. 33, No. 1 (Autumn, 1973), pp. 23–26
  • Warren L. D'Azevedo, Common Principles of Variant Kinship Structures among the Gola of Western Liberia, American Anthropologist, New Series, Vol. 64, No. 3, Part 1 (Jun., 1962), pp. 504–520
  • Warren L. d'Azevedo, Uses of the past in Gola Discourse // "The Journal of African History", Vol. 3, No. 1(1962), p. 12