Гүлкайыр

Википедия дан

Гүлкайыр (Alcea) — гулкайырлар тукумундагы уруу. Эки же көп жылдык чөп.

Жалбырактары жөнөкөй, сабакта кезектешип жайгашкан. Гүлдөрү ири, беш мүчөлуу же тармал, түсү ак, кочкул же мала Кызыл, бирден же эки-үчтөн жалбырак колтугуна орношкон. Жер жүзундө 60 түрү бар, Кыргызстанда 4 түрү өсөт.

Кооздук үчүн көбунчө мала кызыл Гүлкайыр өстүрүлөт. Кургатылган гүлү медицинада ичеги-карын дарттарын дарылоодо колдонулат. Сабагынан алынган була өнөр жайда пайдаланылат

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюст. -608 б.
  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.