Далай-лама XIV

Википедия дан
Тензин Гьяцо (2012)

Далай - лама XIV, Тензин Гьяцо – (6. 7. 1935-ж. т., Амдо провинциясы, Такцер кыштагы) – будда ишмери, тибет элинин рухий жана саясий лидери. 3 жашында Далай - лама XIIIнүн ордуна тандалып, Далай - лама XIV деп аталган. КЭР аскерлери Тибетти басып киргенде, 16 жаштагы Далай - лама XIV мамлекет башчысынын милдетин мойнуна алган. 1954-ж. Пекинге келип, Мао Цзэдун менен жолуккан. Бирок, Тибетте коммунисттик реформалар жүргүзүлгөн. 1959-ж. Лхаста элдик көтөрүлүш чыгып, аны Кытай армиясы күч менен баскан. Далай - лама XIV жана жеңилген көтөрүлүшчүлөр Индияга чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Дхарамсалда (Индия, Химачал-Прадеш штаты) Далай - лама XIV кайрадан КЭРге кошулууга макул болбогон тибеттиктерди колдоп, тибет өкмөтүн түзгөн. 1963-ж. Далай - лама XIV Тибеттин демократиялык конституциясын иштеп чыккан. Конституция боюнча жогорку бийлик Далай-ламадан Элдик ассамблеяга жана анын өкмөтүнө өткөн. Учурда тибеттик эмиграциялык администрацияда саясий бийликти Далай - лама эмес өкмөт менен парламент жүргүзөт. Далай - лама расмий түрдө рухий функцияларды жүргүзөт, бирок ошону менен бирге ал улуттук лидер катары каралат. Далай - лама XIV АКШ, Улуу Британия, Франция жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугуп, БУУга кайрылуу жасап, Тибеттин эгемендүүлүгү жөнүндө проблеманы тынчтык жолдор менен чечүүгө аракеттенген. 1987-ж. КЭРдин курамындагы Тибет автономиясын түзүүгө макулдугун билдирген. 1989-жана башка бейпилдикти жаратуучу иштери үчүн Далай - лама XIVгө Нобель сыйлыгы ыйгарылган. Далай - лама XIVнүн ой-пикирлери, сунуштары «Жаңы миң жылдык үчүн этика» китебинде (1999) чагылдырылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия