Даллэрдин факсы

Википедия дан

"Даллэрдин факсы" - Бириккен Улуттар Уюмунун тарыхындагы абдан кайгылуу окуяны эскерүү максатында атайын уюштулурган иш-чара.

1993-ж. 11-мартында БУУнун Руандадагы миссиясынын башчысы, канадалык генерал Ромео Даллер - Нью-Йорктогу штаб-квартирага геноцид даярдалып жаткандыгы тууралуу эскерткен факс жөнөткөн. Бирок БУУ бул эскертүүгө көңүл бурган эмес. Даллэрдин айтканына ылайык, «эл аралык коомчулук Руандадагы абалды байкабаганга болушунча аракет кылды - анткени ал эч кандай кызыкчылык туудурбаган жана стратегиялык мааниси жок болуучу». Коопсуздук Кеңеши ансыз деле начар жабдылган БУУнун миссиясынын санын дагы кыскартуу чечимин кабыл алган.

Мунун натыйжасында, 1994-жылдын жазында, БУУнун аз сандуу жана алсыз миссиясынын көзүнчө ал жерде 800 миң адам өлтүрүлгөн. Бул окуядан кийин Ромео Даллер көпкө чейин өзүнө келе албай жүргөн жана өз жанын кыйганга дагы аракет кылган. 2006-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Ромео Даллерди геноциддин алдын алуу боюнча кеңешке мүчө кылып дайындаган. Канадалык генерал үч ырдын жана «Руанда мейманканасы» тасмасынын каарманы. Ошондой эле «Шайтандын кол алышуусу» китебинин автору.