Данияров Санжарбек Бакирович

Википедия дан

Данияров Санжарбек Бакирович (20.02.1928 - 03.12.2011) - медицина илимдеринин доктору(1970), профессор(1972), Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын(КРУИА) академиги(1989, корреспондент мүчөсү, 1979), КРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты(1996). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы(1977), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери(1991). Ал 1928-жылы 25-февралда Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кайыңды айылында төрөлгөн. КММИни бүтүргөн(1948), ошол эле жерде ассистент(1951), доцент(1954), окуу иштери боюнча проректор(1962), 1971-1987-жылдары ректор. 1987-жылдан Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда(КММА) кафедра башчысы. Чыгаан илимпоз-экспериментатор, республикадагы физиологдор мектебин негиздөөчүлөрдүн бири. КММИнин окуу базасын кеңейтүүгө зор салым кошкон. Данияров алдыңкы педагог, насаатчы катары да белгилүү. 280 илимий эмгектин, анын ичинде 8 монографиянын, 2 окуу китебинин автору. Негизги эмгектери жүрөк-кан тамыр системасынын физиологиясын жана радиация нурунун организмге тийгизген таасирин изилдөөгө арналган. Эмгек Кызыл Туу, "Ардак Белгиси", элдердин достугу ордендери, медалдар менен сыйланган.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Лучевая болезнь и сердечно-сосудистая система. Ф., 1974;
  • Высокогорье и вегетативная система. Ташкент, 1977;
  • Работа сердца в условиях высокогорья. Л., 1980;
  • Итоги и перспективы изучения роли вегетативной нервной системы организма, адаптирующегося к высокогорью. Б. 1989;
  • Основы физиологии человека (соавт.). Уч. для вузов, в двух томах. С. П., 1994.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия