Дарак илдеттери

Википедия дан
Ophiostoma ulmi & Ulmus × hollandica.

Дарак илдеттери – түрдүү себептердин – илдет козгогуч менен айлана-чөйрөнүн ыңгайсыз шартынын таасиринен дарак өсүмдүктөрүнүн өсүү функциясынын (фотосинтез, дем алуу, суу жана азык зат сиңирүү) жана анын түзүлүшүнүн бузулушу. Дарак илдеттери этиологиясына жараша жугуштуу жана жугушсуз болуп бөлүнөт. Жугуштуусун мите козу карын, бактерия, балырлар, акти номицеттер жана вирустардан, жугушсуз илдет айлана-чөйрөнүн ыңгайсыз шартынан пайда болот. Дарак илдеттери эл чарбасына өтө чоң зыян келтирет. Мөмө-дарактын түшүмү төмөндөп, жыгачы зыянга учурайт. Дарак көбүнчө рак, чирик, дат, жараат илдеттерине чалдыгат. Каршы күрөшүү чаралары: илдеттүү даракты же бутакты кыркып таштоо; урук, көчөткө формалин жана башка фунгицид чачуу; агротехниканы туура жүргүзүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия
  • Робертс Д. А. Основы защиты растений. М., 1981.