Декорация искусствосу

Википедия дан

Декорация искусствосу – пластика өнөрүнүн тармагы; ал архитектура жана дизайн сыяктуу материалдык чөйрөнүн көркөм калыптанышына таасир кылып, ага эстет жана идеялык-образдык касиет берет. Декорация искусствосу түздөн-түз архитектура менен байланышкан монумент искусствосунда (фасаддарды, интерьерлерди, ошондой эле парк скульптураларын кооздоочу архитектуралык декор, рельеф, статуя, витраж, мозаикаларды түзүү) жасалга-колдонмо өнөрүндө (көргөзмөлөрдүн жана музейлердин экспозициялык элементтери же деталдары), аянт, парк, ошондой эле имараттар, интерьерлер жана башка ансамблдин көлөм-мейкиндик жактан уюшулушунда, ансамблдин айкалышында гана таасирдүү кабыл алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан:энциклопедия