Дени Дидро

Википедия дан
Дени Дидро.

Дени Дидро (1713—1784) — ири француз философу, жазуучу, энциклопедисттердин башчысы.

Кыскача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лангре шаарында туулган, атасы кол өнөрчү болгон, уулун диний маанайда тарбиялап, аны дин кызматчысы болсо деп ойлогон. Париждеги коллежди бүтүп, ал жерде дин кызматчысынын карьерасынан баш тартып, өзүн адабий ишмердикке жана илимди иликтеп-үйрөнүүгө арноону чечет. 1746-жылы «Философиялык ойлор», 1747-жылы — «Скептиктин сейилдөөсү», 1749-жылы «Көздүүлөргө осуят болсун деп сокурлар жөнүндө жазылган кат» деген чыгармаларын жазган. Коркунучтуу материалисттик ойлорду тараткандыгы үчүн Венсен сепилине камалат. Түрмөдөн чыккандан кийин «Илимдердин, искусствонун жана кол өнөрчүлүктүн энциклопедиясын» түзүүгө киришет, бул билимдердин баардык тармактардагы жетишкендиктерин ырааттуу түрдө баяндаган китеп болууга тийиш эле. Дидро буга 20 жылдык өмүрүн арнаган. «Энциклопедияга» Вольтер, Монтескье, Кондильяк, Гольбах жана башка ошол мезгилдеги прогрессивдүү ойчулдар катышат.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Энциклопедиядан башка да Дидро бир катар төмөнкү философиялык жана көркөм чыгармаларды жазат: «Жаратылышты түшүндүрүү жөнүндөгү ойлор» (1754), «Д'Аламбердин Дидро менен болгон маеги», «Д'Аламбердин түшү» (1769), «Кечил аял» (1760), «Рамонун жээни» (1762—79), «Жак — фаталист жана анын кожоюну» (1773). 1773-жылы атактуу философ Екатерина Пнин чакыруусу боюнча Россияга келет. Узак мезгилдер бою ал дээрлик күн сайын эки саат Екатерина II менен аңгемелешип турат, аңгемелешүү убагында аны социалдык-экономикалык кайра куруулардын зарылдыгына ынандырууга аракеттенет. Екатерина II Дидронун айткандарынын баарына макул болсо да, олуттуу реформа жүргүзүүгө батынган эмес. Өзүнүн аңгемелешүүлөрүн Дидро «Запискаларында...» чагылдырат. Өмүрүнүн акыркы жылдарын «Физиологиянын элементтери», «Сенеканын өмүрү» (1778), «Клавдийдин жана Нерондун падышачылыгы жөнүндө тажрыйба» (1782) деген эмгектерин жазууга арнайт. Өлөр алдында ал өзүнүн атеисттик көз караштарынан баш тарткан эмес, анын акыркы сөзү төмөнкүдөй болгон: «Динге ишенбөө — философияга карай жасалган биринчи кадам».

Ал адамзаттын таанып-билүү мүмкүнчүлүгүнө гана ишенген жана Аалам чексиз болгондуктан аны адамзат толук таанып-биле албайт деп эсептеген. Жаратылыш Дидро үчүн — китеп, кучак жеткис, көптөгөн барактардан турган китеп, окумуштуулар бул китептин улам жаңы барактарын ачып окуй беришет, бирок, бул китептин акыркы барагын ачып жаба турган адам эч качан болбойт. Дидронун бул айткандарынан гносеологиялык пессимизм келип чыкпайт, анткени ал адамзат таанымы дайыма кеңейип жана тереңдей берет деп эсептеген жана адамзаттын эң татаал дүйнөлүк табышмактарды чече аларына ишенген.

Тааным тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тааным Дидро үчүн сезимдин жана акыл-эстин курамынан турган бирдиктүү процесс. Ал философиялык ой жүгүртүүнүн чыныгы усулу — акылды акыл менен текшерүү, акыл жана эксперимент аркылуу сезимди текшерүү, сезимдердин жардамы менен жаратылышты таанып-билүү болуп саналат деп жазган. Жаратылышты таанып-билүүнүн башкы үч каражаты Дидро үчүн — байкоо, ой жүгүртүү жана эксперимент болгон. Дидро үчүн баш мээ — материалдык субстрат, анда психикалык процесстер жүрүп турат. Дидро ойлоочу «менди» баш мээнин кабында торун жайып, өзүнүн желелери менен мээни чырмап турган жөргөмүшкө салыштырган, башкача айтканданервге салыштырат, биздин дене-боюбузда бул нерв жиптери таралып жатпаган бир да чекит жок. Нервдер мээде бир бүтүн тутамды пайда кылат, бул тутам туюмдарды кабылдоолорго тутамдап байлоо үчүн негиз болот. Өздүк аң-сезимдин (самосознания) биримдиги, Дидронун ою боюнча, эс менен (памятью) камсыз кылынат. Ал мындай деп жазат: «Биз туюу жөндөмдүүлүгү аркылуу да эске ээ болгон аспаптарбыз. Биздин сезимдерибиз бизди курчап турган жаратылыш уруп тура турган клавишалар, ал клавишалар көп учурда өздөрүн өзү уруп турат». Бул жерде ал Берклинин идеализмине каршы чыгат жана аны өзүнүн жашап турганын гана тааныган идеалист деп эсептеген. Дидро адамды туюп-сезе ала турган гана эмес, ошондой эле ой жүгүртө турган жан катарында караган жана адам бир эле убакта музыкант да, аспап да экенин моюнга алган.

Христиан динине болгон көз карашы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дидронун Париждеги эстелиги.

Дидро чиркөөгө каршы чыгып, христиан диний окуусуна сын көз менен караган. Ал Библиянын «теңирлик» нерсе экендигинен күмөндөр болгон жана Библиянын бардык китептери ар түрдүү мезгилдерде дин кызматчылары тарабынан жазылган деп эсептеген. Ал бардык диндерде адамдар Кудайдын атынан сүйлөшкөн деп жазган. Библиядагы кереметтер жөнүндө айтылгандарды кескин түрдө сынга алган. Керемет — табиятка жат кубулуштардын жардамы менен далилденүүчү сандырактык экендигин көрсөткөн. Адамдар өзүлөрүнүн динге ишенгендигинен улам кыялдагы нерсени чындык катарында кабыл алышат, керемет кереметке ишенген жерде болот. Ал кереметтерди бутпарастык диндердеги мифтерге окшогон эле мифтер деп атаган. Тозок жана кыйноолор жөнүндө христиан окуусун өзгөчө курч сынга алып, диний догматтар адамдарды коркутуп жана аларды кысмактап турат деп эсептеген. Дидро мындай деп жазат: «Христианинден тозок коркунучун алып таштасаңар эле андан диний ишенимди да алып саласыңар» [10 томдук Чыг. жыйн., 1-т. 125-6.]. Дидро башка динге жол бербөөчүлүккө айрыкча каршы чыккан: «Дүйнөдө диний көз караштагы айырмачылыктар жерди кан менен сугарбаган бир да жер жок».

Адам тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атеизм азырынча адеп-ахлакты түзө элек, бирок дин адеп-ахлактын тиреги эмес деп эсептеген Дидро. Адеп-ахлак принциптерин атайын түрдө жайылтуу зарыл. Адамда тубаса жамандыктар жана кемчиликтер болбойт деп эсептеп, адилеттүү мыйзамдарга таянган адилеттүү коом адеп-ахлактын орношунун өбөлгөсү боло аларына ишенген. «Эгерде мыйзамдар жакшы болсо анда жөрөлгө жосундар да жакшы, эгерде мыйзамдар жаман болсо жөрөлгө жосундар да жаман»... [Чыг. жыйн. 2-т. 74-6.]. «Эмгек жана жакшылык,— деп жазат ал,— менин бирден бир догматтарым ушул... Өзүңдөн кийин мурдагыга караганда көбүрөөк билимдерди жана бакыт-таалайды калтырууга, биз мураска алган нерселерди жакшыртууга жана арттырууга умтулуу — биз иштей турган нерселер мына ушулар!» [Танд. атеист. чыгарм. 241-6.].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]