Дербишева Замира Касымбековна

Википедия дан
Дербишева Замира Касымбековна

Дербишева Замира Касымбековна (8. 4. 1952-ж., Фрунзе ) – тилчи, филология илимдеринин доктору (2001), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (1999), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери (2017). Россия Федерациясынын Президенти Д.Медведевдин буйругу менен "ПУШКИН" медалы ыйгарылган (2010).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дербишева Замира Касымбековна 1952-ж. 8-апрелде Фрунзе шаарында туулган. Тилчи, филология илимдеринин доктору (2001), Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги (1999), Кыргыз Республикасынынбилим берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери (2017). Орус тили жана адабият мугалимдеринин Дүйнөлүк ассоциациясынын Кыргызстандагы мүчөсү (2005). Контрастивдик лингвистика, лингвистикалык маданият, лингвистикалык типология боюнча адис. Воронеж мамлекеттик университетин (1974), Москвадагы В. М. Ломоносов атындагы университеттин аспирантурасын (1978), КМУнун докторантурасын бүткөн (2001). КМУда доцент, кафедра башчысы, декан (1978–2001). 1999-жылдан КМУнун алдындагы Коммуникациялык лингвистика борбордун директору, 2001-жылдан Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин азыркы тилдер жогорку мектебинин директору, 2004-жылдан Кыргыз – Түрк «Манас» университетинин профессору, Түрк цивилизациясын изилдөө борборунун орун басары. Ал 100дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде монографиялардын жана окуу китептеринин автору.

Илимий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1982-жылы - «Славян тилдери» багыты боюнча филология илимдеринин кандидаты аттуу илимий наамы Россия ВАК тарабынан бекитилген;
  • 2001-жылы «Орус жана кыргыз тилдеринин салыштырма грамматикасын теориялык негиздери» деген темада докторлук диссертациясын жактап, филология илимдеринин доктору аттуу наамына ээ болгон.
  • 150-дөн ашуун илимий монография, лингвистикалык иликтөөлөрдүн, жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окуу китептер, сөздүктөрдүн автору. Илимий эмгектердин көбү чет өлкөлөрдө жарыяланган. Австрия, Испания, Финляндия, Прага, Пекин, Москва, Санкт-Петербург өткөн конгресстерде, симпозиумдарда илимий доклад окуп катышкан;
  • Россия жана Казакстандын жогорку окуу жайларында лектор катары чакырылып актуалдуу лингвистикалык илимий темаларда лекциялык курстарды окуп өткөрүү, консультацияларды берүү;


Коомдук ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу билим берүү жана илим боюнча коомдук эксперттик кеңешинин мүчөсү;
  • Кыргыз Республикасынын Премьер-Министрине караштуу илим жана инновация боюнча кеңешинин мүчөсү;
  • Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын мүчөсү.
  • Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү;
  • Улуттук тил саясатын программасын ишке ашыруу боюнча иштеп чыгуу жана көзөмөдөө боюнча жумушчу топтун мүчөсү;
  • Кыргызстандагы орус тили жана адабияты окутуучулардын коомунун жетекчиси;


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1