Диффузиялык ууландыруучу богок

Википедия дан
Диффузиялык ууландыруучу богок (көк)
Диффузиялык ууландыруучу богок менен ооруган аялдын көзү

Диффузиялык ууландыруучу богок (Базедов оорусу, тиреотоксикоз) — калкан сымал безинин иши күчөп, канга гормонду көп бөлүп чыгарышынан болуучу оору; мында бездин көлөмү чоңоёт.

Себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аны менен көбүнчө аялдар ооруйт. Психикалык жабыр чегүү, нервге күч келүү, жугуштуу оорулар, аялдын жаш өзгөчөлүгүнө жараша ички секреция бездеринин ишинин өзгөрүшү, тукум куума ыңгайлануусу жана башка түрткү болот. Диффузиялык ууландыруучу богокто калкан безинин гормондорунун канга көп келиши зат алмашууну бузат (Зат жана энергия алмашуу).

Белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оорулуу ачуулуу болуп, жүрөгү тез-тез согот, жүрөгүнүн тушу ооруйт, кара жумуш жасаганда деми кыстыгат, уйкусу бузулат, тер басат, ичеги-карындын иши начарлайт, колун сунганда манжалар калтырайт. Көзү тостоюп (экзофтальм), жалтырап турат. Оору көпкө созулат, абдан күчөгөндө оорулуу арыктайт, жүрөк, боор, жыныс бездери жабыркайт. Нерв-психикалык чарчоо, күндө көпкө болуу жана башка ооруну күчөтөт.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дарылоону доктур жүргүзөт. Калкан сымал безинин ишин калыбына келтирүүчү, нерв системасын тынчтандыруучу каражат берилет. Врачтын көзөмөлүсүз дары ичүү коркунучтуу. Оорулуу өтө чарчабай, абдан тынч жерде эс алып, уйку 7—8 сааттан кем болбоого тийиш. Түрдүүлөп витамин, белок жана углеводу көп тамакты күнүнө 4 маал ичүү сунуш кылынат, ичкилик ичүүгө, тамеки тартууга болбойт. Таза абада болуу пайдалуу, бирок түштүктөгү курортторго баруу тескери таасир берерин эстен чыгарбоо зарыл. Керек болсо өз убагында жүргүзүлгөн хирургиялык дарылоо ооруну толук айыктырат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1