Дхарма

Википедия дан

Дхарма, Дхамма (Дхарма арий сөзүнүн dhr уңгусунан алынган – «тутуу», «колдоо», «коргоо», «бекемдөө») – Бурканчылык философиясынын негизги түшүнүктөрүнүн бири.

Ал байыркы индия мифологиясы менен брахманизмдин эң алгачкы системаларында да кеңири пайдаланылган. Алгач мифологиялык дхарма ыйык акылман катары кабылданса, кийинчерээк акыйкаттын кудайын түшүндүргөн. Дхарма «мыйзам», «ыйманы таза», «ырайымдуу» түшүнүктөрүн камтыйт. Улам кийин Дхарма термини кыйла чачырап кеткендиктен, анын мааниси колдонулуп жаткан контекстке байланыштуу гана туюлуп, ал «система», «доктрина», «дин», «гармониялуу иреттүүлүк», «милдет», «үлгү» ж. б. деген маанилерди да камтыган.

Дхарманын маанисинин маңызы өз табияты боюнча руханий тазалыкты камтыган белгилүү бир шайкештикти туюндуруп калды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]