Дөшү

Википедия дан

Усталардын негизги куралы, үстүнө металлды жаткызып таптоого, сомдоого, чыңдоого ылайыкташылып, атайын куюп жасалган моюндуу келген чулу темир.

Анын моюну чокчоюп, темирди ийүүгө шартташкан. Кара устакерчиликте чоктонгон темирди барскан менен уруу үчүн дүкөндөрдө көрүк, күжүнүн жанында жайлашат.

Ага коюп, ар түрдүү шаймандардын тетиктерине чейин кармоого болот.

Дөшү көлөмдүү келет. Ал эми зергерчиликте Дөшү ителгинин жемсөөсүндөй сыйда жана чакан болуп, көчкөндө ала жүрүүгө шартташкан.

Ага күмүш, жез, мис, коло, калай жана башка буюмдун жердиктерин коюп чабууга оңтойлошот.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)