Жакыпбек Ниязбек уулу

Википедия дан

Жакыпбек Ниязбек уулу (18-кылымдын 2-жарымы — 19-кылымдын 1-жарымы) — түндүк кыргыздардын Ысык-Көлдү жердеген бугу уруусунан 1813—14-ж. Россияга жооп иретинде жиберилген алгачкы элчиликтин өкүлү.
Жакыпбек бийдин баласы.
1813-ж. 7- сентябрда Семейден А. Бубенов катышкан кербен чыгып, аны Миркурбан Ниязов жетектеген. Бул кербен Турпанга (Чыгыш Түркстанга) бара жатып, жолдо Ысык-Көл кылаасына токтоп өткөн. Жергиликтүү бугу уруусунун төбөлдөрү кербенди жылуу тосуп, аларга А. Л. Бубенов орус бийликтеринин катын тапшырган. Кербенди кытайлык чек арага чейин узатып, А. Л. Бубенов кайра кайтканда бугу уруусунун Шапак, Шералы манаптары өз элчиси катары Качыбек Шералы уулу менен Жакыпбек уулу Ниязбекти ага кошуп, Семейге жөнөтүшкөн.
1814-ж. 5-январда элчилер Семейге келген. Кыргыз элчилери өз журту аркылуу тынч соода алакаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. Алардын Петербургга баруу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Элчилер Батыш Сибирь генерал-губернатору менен Тобольск шаарында сүйлөшүү жүргүзүшкөн, бир катар чептерди, Барнаулдагы заводдорду кыдырып көрүшкөн.
Жакыпбек Ниязбек уулу элчилик ишмердиги үчүн орус армиясынын капитаны чинин алган жана өз ысмы жазылган кылыч, асыл таш чөгөрүлгөн шакек менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.