Жалпыга милдеттүү билим берүү

Википедия дан

Жалпыга милдеттүү билим берүү - мыйзамдарда аныкталган көлөмдө ар бир баланын (белгилүү куракка чейин) акысыз билим алуусун камсыз кылуу үчүн мектепте ж. б. уюштурулган таалим-тарбия иши.

Кээ бир мамлекеттерде капиталисттик өндүрүштүн сабаттуу жумушчуларына жана революциялык кыймылдардын талаптарына ылайык Жалпыга милдеттүү билим берүү XIX кылымдын башында эле жарыяланган. Мамлекеттик бийлик Жалпыга милдеттүү билим берүү мыйзамдык эрежелерге багындыруу гана менен мектептердин мазмунуна жана аны курууга акча каражаттарын дайыма эле мыйзамдаштырышкан эмес. Ушундай мамилелер мыйзамдык аракеттердин (ант) көп жылдап ишке ашуусуна алып келсе, кээ бир мамлекеттерде ал маселенин такыр эле ишке ашырылбасына таасир эткен. Ошондой эле кээ бир мамлекеттерде бүгүнкү мезгилге чейин балдарды окутууга шарттын жоктугу (ата-энелердин же жетекчилердин, атуулдардын жашоо шартынын начардыгы) да тоскоол бойдон калууда.

Жалпыга милдеттүү билим берүү 1952-жылы АКШда (бардык штаттарында эмес) кабыл алына баштаса, ал эми Англияда 1880-жылы, Францияда 1882-жылы, Японияда 1879-жылы кабыл алынган. Германия менен Скандинавия өлкөлөрүндө Жалпыга милдеттүү билим берүү жөнүндөгү мыйзам алардан эртерээк кабыл алынганы маалым. Өнүккөн капиталисттик мамлекеттерде Жалпыга милдеттүү билим берүү узактыгы же мөөнөтү 6 жаштан 10 жашка чейин эле белгилениши, ошол мезгилдеги балдардын жана жаш өспүрүмдөрдүн эмгегинин кеңири чөйрөдө колдонулушу, б. а. өндүрүштүн балдардын жумушчу күчүнө болгон кызыгуусу да себеп болгон.

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин, өзгөчө ХХ кылымдын 30-жылынан баштап өнүккөн өлкөлөрдөгү экономикалык кризистин себептеринен улам Жалпы милдеттүү орто мөөнөтү же узактыгы узартылып, эмгекчилердин балдарынын жумушка кирүүсүн кечеңдетип, натыйжада жумушсуздуктун санын кыскартууга болгон аракеттерди да түшүнсө болот эле. Ошондой эле окутуу мөөнөтүнүн узарышы мектептин балдардын саясый жактан калыптанышына таасиринин күчөшүнө да шарт түзгөн. Мектептердеги окутуу мөөнөтүнүн узарышы окуучулардын көпчүлүк бөлүгүнүн билим алуусунун сапатын жана деңгээлин жакшыртуу дегенди түшүндүрбөйт. Мисалы: АКШда окуу мөөнөтүнүн узартылышы жана орто мектептердеги окуучулардын санынын көбөйүшү көпчүлүк окуучулардын жалпы маалыматтык даярдалыш сапатынын начарлашына алып келген. Ошондой кээ бир мамлекеттерде Жалпыга милдеттүү билим берүү жөнүндөгү мыйзамдарда балдардын жаш курактары чектелип көрсөтүлсө, кээ бир мамлекеттерде (экономикалык жактан начар өнүккөн) ал мыйзамдар салтанаттуу түрдө жарыяланып, аны ишке ашыруучу негизги шарттардын бири мектептердин жетишсиздиги башкы себептерден болуп келди.

Улуу Октябрь революциясынан кийин коммунисттик партия менен совет мамлекети Жалпыга милдеттүү билим берүү өлкөнүн эң башкы милдеттеринин бири деп жар салып, 1932-жылы милдеттүү башталгыч билим берүү (I–IV кл.), ал эми 1933-37-жылдарынын аралыгында шаарларда, жумушчу айылдарында, бир катар райондордо жети жылдык билим берүү ишке ашырылат. 1938–42-жылы үчүн Жалпыга милдеттүү билим берүү кийинки деңгээли, б. а. шаарларда орто билим берүү, ал эми айыл-кыштактарда жети жылдык билим берүүнү ишке ашыруу пландаштырылып, Улуу Ата Мекендик согуштун кесепетинен ал план ишке ашпай калган, он миңдеген мектеп имараттары кыйроого, талкаланууга учурап, аларды калыбына келтирүү, жалпыга милдеттүү жети жылдык билим берүү 1950-жылы гана аяктаган. Совет мамлекетинин социалдык-экономикалык өнүгүшү Жалпыга милдеттүү билим берүү кийинки баскычтарга жогорулатууга мүмкүндүк түздү. Мурунку СССРде жалпыга милдеттүү орто билим берүү 1970-жылы толук ишке ашырылып, Жалпыга милдеттүү билим берүү ишке ашырылышын окуучулар жашаган жерлерде мектеп иштерин уюштуруу жана алыскы тоолуу райондордо жашаган калк жана мал чарбасында эмгектенген адамдардын балдары үчүн мектеп жатаканаларын же алыс жашаган балдар үчүн атайын транспортторду уюштуруу, мектептерге квалификациялуу мугалимдерди топтоо, мектептерде окуучуларды өз эне тилинде окутуу; окутуунун акысыз болуусу, жеткиликтүү баада окуу китептери жана жазууга тиешелүү каражаттары менен жабдуу, жардамга муктаж болгон окуучуларга материалдык жардам берүү, элдин жашоо-турмушун жогорку материалдык деңгээлге жеткирүү, окууга тийиш болгон балдардын так эсебин алуу жана алардын окууга катышуусун текшерүүнү (көзөмөлдөөнү) камсыз кылынат.

Жалпыга милдеттүү билим берүүдө психо-физиологиялык жактан (кулагы, көзү ж. б.) толук өсүп-өнүкпөгөн балдар үчүн атайын түзүлгөн мектептердин болушун да талап кылат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Педагогика (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,