Жамгырчинов, Мидил Бегималиевич

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Мидил Бегималиевич Жамгырчинов, тарых илимдеринин кандидаты, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору. Бештин айынын 1и, 2014-жыл.


Мидил Бегималиевич Жамгырчинов (орусча Мидил Джамгерчинов) (1938-жылы 17-июнда Кыргызстандын борбору Бишкек шаарында туулган) – кыргыздын белгилүү тарыхчысы, тарых илимдеринин кандидаты, Орусиянын 15-18-кылымдардагы архивдик маалыматтары боюнча адис, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору, педагог.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Мидил Бегималиевич Жамгырчинов 1938-жылы 17-июнда Кыргызстандын борбору Бишкек (мурдагы Фрунзе) шаарында туулган. Ата-теги Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылынан. Уруулук теги – кыргыздын солто уруусунун күнтуу уругунан.

Кыргыз тарыхчысы, академик Бегимаалы Жамгырчинов Бишкек шаарында. 17-февраль, 1967-жыл.

Анын атасы – кыргыздын туңгуч совет тарыхчысы, академик Бегимаалы Жамгырчинов (1914-1982) болгон. Бегимаалы Жамгырчы уулу Кыргызстан падышалык Орусиянын отордук аймагы болуп турган доордо Чүй өрөөнүндөгү Күнтуу айылында 1914-жылы 15-октябрда жарык дүйнөгө келген. Азыркы Сокулук районуна караштуу бул аймак – 1916-жылы жайында Кыргызстандын түндүгүндө улуттук боштондук көтөрүлүшүнүн алгачкы жалыны алоолонгон аймактардан болчу.

Кийинчерээк Бегимаалынын тегаты ошол доордо татар жана башкыр мусулмандарынын тегатына окшотуп Жамгырчинов (орусча Джамгерчинов, саал мурдараак - Джамгырчынов) делип жазылып калган.

Бишкектеги № 5 кыргыз орто мектебинде 1945-49-жылдары таалим алып, баштапкы мектепти аяктаган.

Андан соң оболу Бишкектеги № 6 орусча орто мектепке окуп, андан соң № 13 орусча орто мектепке которулган жана аны ийгиликтүү аяктаган.

Мидил Жамгырчинов Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетин 1962-жылы аяктаган.

1963-жылы ал аспирантурага тапшырып, аны 1966-жылдын апрелинде аяктаган.

Аспирантурада окуп жүргөн чагында, XVI – XVIII кылымдардагы Теңир-Тоо, Энесай жана Сибирдеги кыргыздардын тарыхына байланыштуу орус булактарынын маалыматын изилдеп, кандидаттык диссертациясын жазган.

1966-жылдын май айынан тартып Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде түштүк жана батыш славяндар тарыхы боюнча дарс окуй баштаган.

Мидил Жамгырчинов 1967-жылы Сагынбүбү Ташым кызы менен баш кошкон.

1972-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

1971-75-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы КМУнун) тарых факультетинин деканынын орун басары болуп иштеген. Ал кезде КМУнун ректору – профессор Салмоорбек Табышалиев болчу.

1976-86-жылдары КМУнун Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасынын башчысы болгон. Аталган кафедрада доцент болуп да иштеп турган.

1993-жылы Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасынын башчысы болуп кайра шайланган. Кийинчерээк бул кафедра башка кафедра менен кошулуп, ирилешип кеткен.

1995-жылдан тартып Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында доцент жана кийинчерээк профессор (2004) кызматтарын аркалап келет.

Кыргыз таануудагы салымдары[оңдоо | булагын оңдоо]

КУУнун профессору, т.и.к. Мидил Жамгырчинов. 22.06.2010.

Мидил Жамгырчинов Энесай жана Теңир-Тоо кыргыздарынын тарыхын комплекстүү изилдөө жүргүзгөн жана башкаларды да ушуга чакырган окумуштуу.

Ал Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын кыргыз тарыхынан ажыратып салууга умтулган 1982-84-жылдардагы идеологдорго жана цензурачыларга ачык каршы чыккан, бул жааттагы өзүнүн нааразылык катын Кыргыз ССР Илимдер академиясынын ошол учурдагы жетекчилигине жазган (1982-1983).

Ал XVI – XVIII кылымдарда Жунгар хандыгынын баскынчылыгы күчөп турган чакта бир катар кыргыз топтору Памирге чейин ооп кеткенин, бирок ар дайым Түндүк Кыргызстанда кыргыз урууларынын өкүлдөрү кала бергендигин тастыктаган илимий макалалар жарылаган.

Мидил Жамгырчинов кыргыз тарыхын изилдөө үчүн чыгыш таануучу адистерди даярдоо үчүн ырааттуу уюштуруу иштерине катышкан.

Илимий жетекчиси – А. Арзыматов[оңдоо | булагын оңдоо]

Мидил Жамгырчиновдун кандидаттык диссертациясынын илимий жетекчиси – XVI–XVIII кылымдардагы Энесай жана Сибирдеги кыргыздардын тарыхын орус булактарынын маалыматы боюнча иликтеген окумуштуу, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Атыгай Арзыматов болгон.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Үй-бүлөлүү. Жубайы Сагынбүбү Ташымовна. Алар 1967-жылы баш кошкон.

Тун кызы – Айчүрөк (1968-жылы туулган).
Ортончу кызы – Клара (1971-жылы туулган).
Кичүү кызы – Жасмин (1973-жылы туулган).

Неберелери бар.

Иниси Аскар Жамгырчинов учурунда таланттуу жаш кинорежиссер катары таанылган.

Илимий жана коомдук-педагогдук ишмердүүлүгү[оңдоо | булагын оңдоо]

Мидил Жамгырчинов бир нече ондогон жылдар бою КУУнун тарых факультетинин 1-курсунун студенттерине “Адистикке киришүү” сабагын өтүп келген.

Мидил Жамгырчинов Кыргызстандагы жаш тарыхчыларга ырааттуу кеп-кеңеш, насаат айткан, аларды орто кылымдардын тарыхын изилдөө темаларына багыттаган (1980-1989). Көптөгөн жаш окумуштууларга диссертацияны кантип жазуу тууралуу багыт берген.

Ал КУУнун тарых факультетинин коомдук иштерине үзбөй катышып келет.

Окутуучулары. Достору. Үзөңгүлөштөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Мидил Жамгырчиновго таалим берген окумуштуулардын арасында профессор Анварбек Хасанов болгон.

Ал тууралуу Мидил Бегимаалы уулу 2011-жылы 2-сентябрда “Тарыхчы Анварбек Хасанов” аттуу китептин бет ачаар аземине байланыштуу КУУдагы илимий жыйында мындай деп айткан:

“Анварбек Хасанов – кыргыздын улуттук тарыхын түзүүчүлөрдүн бири. Ал – кыргыздын Карамзини болгон”, - деп белгиледи “Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы” кафедрасынын профессору Мидил Жамгырчинов. - Андан ары ал Анварбек агайдын 150дөн ашуун чыныгы тарыхый эмгектерди жазганын, көп учурда сынга алынганын, 30дан ашуун илимдин кандидаттарын жана докторлорун даярдаганын, 30 жылдан ашуун “СССР тарыхы” кафедрасын жетектегенин айтып берди: “Анварбек Хасанов өтө жөнөкөй болчу. Ал биринчи курстун студенти менен кандай сүйлөшсө, академик менен да ошондой сүйлөшчү”.

Мидил Жамгырчинов маркум тарыхчылар - араб таануучу, профессор Өмүркул Караев менен өзбекстандык иран таануучу, профессор Бөрү Ахмедовду да өзгөчө барктап, дарстарында үлгү катары айтып келет.

Мидилдин досторунун жана жашы кичүү үзөңгүлөштөрүнүн арасында маркум тарыхчы окумуштуулар Мукан Өмүркулов, Давлет Эгемназаров, Закир Эралиев, Бейше Урстанбеков, шакирти Таабалды Мукайыл уулу Мурзабеков, ж.б. болгон.

Шакирттери[оңдоо | булагын оңдоо]

Мидил Жамгырчинов нускоочу катары бир катар окумуштууларга багыт берген.

Алардын арасында дипломатия тарыхын изилдеген Таабалды Мукайыл уулу Мурзабеков, чыгыш булактарын иликтеген илимпоздор Таласбек Машрапов, Тынчтыкбек Чоротегин, Акылбек Кылычев, XIX кылымдын тарыхын изилдеген маркум Бектемир Жумабаев, ж.б. бар.

Наамдары. Даражалары. Сыйлыктары.[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз ССРинин Элге билим берүүсүнүн мыктысы (отличник) - 1982-жыл.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Джамгерчинов М. Б. Из истории взаимоотношений Кыргызстана с калмаками в первой половине XVII века // Из истории дореволюционного Киргизстана. – Фрунзе: Илим, 1985.
  • Джамгырчынов М.Б. Кыргызстан и Джунгарское (Калмакское) ханство: история взаимоотношений в 17-18 вв. // Вестник Кырг. нац. ун-та им. Жусупа Баласагына. -- Бишкек, 2017. -- № 4 (92). -- ISSN 1694-5328. - C. 127-138.


Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыздын туңгуч совет тарыхчысы, академик Бегимаалы Жамгырчиновго 100 жыл: (Макалалар топтому) / Жооптуу редактор Т. К. Чоротегин. – Бишкек: “Maxprint” басмаканасы, 2014. - 76 б. - “Мурас” фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. - ISBN 978-9967-12-443-1.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Грандин И.Н. Вклад Академик Джамгерчинов Б.Д. – видный ученый историк, общественный деятель и педагог Кыргызстана: 07.00.02. – Б., 2007.
  • Омурбеков Т.Н. Факультет истории и регионоведения. -- Б., 2007.
  • – ISBN .

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

Чакан сүрөт баян[оңдоо | булагын оңдоо]

Мидил Жамгырчиновдун чоң атасы Жамгырчынын күмбөзү. Күн-Туу айылынын батыш көрүстөнү, Сокулук району, Чүй облусу, Кыргызстан.
Мидил Жамгырчиновдун чоң атасы Жамгырчынын күмбөзүндөгү жазуусу бар таш. Күн-Туу айылынын батыш көрүстөнү, Сокулук району, Кыргызстан.
Академик Бегимаалы Жамгырчиновдун чакан айкели. Күн-Туу айылындагы Б.Жамгырчинов атындагы орто мектеп, Сокулук району, Кыргызстан. 22.11.2014.