Жамгыр алтын кени

Википедия дан

Жамгыр алтын кени - Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда, Талас кырка тоосунун түштүк капталында, Кара-Касмак суусунун баш жагында, Кара-Буура ашуусунан 2,5 км түштүк-батышта, деңиз деңгээлинен 2700–3700 м бийикте жайгашкан. 1985-ж. табылып, 1987–92-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. Кен аймагы пермдин граниттери, гранит-порфирлери менен жирелген рифейдин граниттеринен, рифей-венддин кумдуктарынан жана алевролиттерден түзүлгөн. Алтын-кварцтуу тарамдар пермдин граниттеринин ичиндеги түндүк-батыш багытка созулган жаракалар менен байланышкан. Кенташ гидротерм про­цесстеринин натыйжасында пайда болуп, тарам тибине жана алтын-сульфид-кварцтуу формацияга кирет. Кенташтын негизги минералдары: пирит, халькопирит, арсенопирит, нукура алтын, галенит, нукура күмүш жана башка Кенташтагы алтындын өлчөмү 11,93 г/т, күмүштүкү – 38,56 г/т, молибдендики – 0,14%. Алтындын запасы 19,329 т, күмүштүкү – 6,663 т.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1