Жанар Акаев

Википедия дан
Жанар Акаев
Жанар Кубанычович Акаев
Жанар Акаев
 
Жарандыгы:  Кыргызстан
Туулган жылы: 13-декабрь, 1986-жыл
Туулган жери: Кабылан-Көл, Алай району, Ош облусу, Кыргыз ССР
Жубайы: Жыргал[1]
Балдары: 1 уулу бар
Партиясы: КСДП (2015 — 2017)
Ата-Мекен (2020 — а. у)
Билими: ОшМУ
Кесиби: журналист
Ишмердүүлүгү: саясатчы, журналист

Акаев Жанар Кубанычович (13-декабрь 1986, Кабылан-Көл, Алай району, Ош облусу, Кыргыз ССР) — кыргызстандык журналист, коомдук ишмер, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жанар Акаев 1986-жылы 13-декабрда Ош облусунун Алай районуна караштуу Кабылан-Көл айылында туулган.

2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин бүтүргөн.

2008-2014-жылдары «Азаттык» үналгысынын кыргыз кызматында эмгектенген.

2015-жылдын февраль-август айларында чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин пресс-катчысы болуп иштеген.

2015-жылдын 4-октябрында КСДПнын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

2017-жылдын 24-мартында КСДП фракциясынын мүчөлүгүнөн чыгарылган.

2015-2017-жж. - Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин Төрагасынын орун басары болуп иштеген.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Супер! Инфо гезитинин тандоосу боюнча 2010-2011-жылдын супер теле алып баруучусу
  • Эл аралык "Евразиянын алтын калеми" сыйлыгынын лауреаты (2011)
  • Мелис Эшимканов атындагы фонддун "Курч калем" сыйлыгы (2014)

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]