Жапар Садыков

Википедия дан

Садыков, Жапар (1909, азыркы Аламүдүн району, Орто-Алыш айылы —1988, Фрунзе) — Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, опералык ырчы, актёр, музыкалык ишмер.

ГИТИСтин (Москва) актёрдук бөлүмүн бүтүргөн. Опера жана балет театрында солист. 1939-ж. В. Власов, А. Малдыбаев жана В. Ференин «Айчүрөк» операсында Семетейдин ролун эң алгач аткарган. Кийинчерээк ошол эле операдан Чынкожонун партиясын ырдаган. «Манас» операсынан да Манастын ролун эң алгачкы болуп аткарган.

Улуттук театр сахнасында көптөгөн ролдорду аткарган. Ырчылыгы менен катар көп жылдар кыргыз музыкалык өнөрүн уюштуруучулардын бири катары опера жана балет театрынын (1943 —1952), филармониянын (1952 — 1962) директору болуп иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4