Жашыл ташбака

Википедия дан
Гавайинин сууларынагы жашыл ташбака.

Жашыл ташбака же шорпо ташбакасы (лат. Chelónia mydas) - Деңиз ташбакасынын түрү, жашыл ташбака тукумунун жалгыз өкүлү (Brongniart, 1800), бул тукумга, мурда австралия жашыл ташбакасы да кирчү[1], учурда ал Natator тукумуна киргизилген.

Түргө мүнөздөмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жашыл ташбаканын жашоо ареалы дүйнөлүк океандын тропикалык жана субтропикалык чөлкөмдөрүндө, айрыкча, булар Атлантикалык жана Тынч океандардын сууларында көп кездешишет.

Жашыл ташбака - ири келет, жабуу ташынын узундугу 70 тен 150 см, салмагы 200 кг, кээ бир учурларда 200 см жана 400-500 кг жетет[2].

Жашыл ташбака деген аталышы, анын жабуу ташынын түсү менен байланышкан - жашыл, кээ бирде кочкул-күрөң сары жана ак сызыктары жана тамгылдары менен болот.[3]

Өмүрүнүн биринчи жылын жашыл ташбака океандын түбүндө, майда медузалар жана башка жандыктар менен тамактанып, жашоо тиричилигин өткөрөт.Кийинчерээк ал, жээкти көздөй бет алып, азык куржунуна өсүмдүктөрдү да кошот.[4]

Түрчөлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдар үчүн мааниси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аталышы айтып тургандай, шорпо ташбакасынын даамдуу эти жана жумурткасы тамак ашка колдонулчу, ошонун негизинде, бул түрдүн саны кескин азайып кеткен. Учурда көпчүлүк өлкөлөрдө жашыл ташбакаларга аңчылык кылуу катуу көзөмөлгө алынып, тыюу салынган.

Галерея[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]