Желарык, көрүстөн

Википедия дан

Желарык көрүстөнү – эрте темир дооруна таандык 22 көрүстөндөн турган археологиялык эстелик. Бишкек–Балыкчы жолунун 108 кминде Чүй суусунун сол тарабында жайгашкан. 1974-жылы археолог В. П. Мокрынин изилдеген. Үч көрүстөндө маркумдун сөөктөрү ички дубалы таш менен кыналган чуңкур көрлөргө, калгандары жөнөкөй көрлөргө коюлган. Сөөктөрдүн жанынан чопо идиштер, акак шурулар, коло күзгү жана бычактар табылган. Маркумдардын антропологиялык түзүлүшүндө европеоиддик да, монголоиддик да белгилери бар.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.