Жерди пайдалануу шериктештиги

Википедия дан

«Жерди пайдалануу шериктештиги»дыйкандардын коллективдүү чарбаларынын бир түрү. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында уюшулган. Шериктештердин кирешесине сатылып алынган машиналар жана айыл чарба шаймандары коомдун менчиги болгон. Түшкөн киреше шериктештиктин мүчөлөрүнө коомдук өндүрүшкө жумшалган эмгек күнгө жана эмгектин сапатына, өндүрүш каражаттарынын үлүшүнө, кээде киши башына жараша бөлүнгөн. 1940-жылдан бул шериктештиктер колхоздорго кошулган.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.