Жузеппе Верди

Википедия дан
Жузеппе Верди
Giuseppe Verdi

Жованни Болдини. Жузеппе Верди. 1886 жыл.
Негизги маалымат
Толук ысымы

Жузеппе Фортунино Франческо Верди

Туулган датасы

10 -октябрь 1813(1813-10-10)

Туулган жери

Ронкола, близ Буссето,
Таро департаментти,
Италия

Өлгөн датасы

27 -январь 1901(1901-01-27) (87 жаш)

Өлгөн жери

Милан, Италия

Өлкө

Ломбардия-Венеция Королдугу Ломбардия-Венеция Королдугу
Италия Королдугу Италия Королдугу

Кесиптери

композитор, дирижёр

Аспаптары

фортепиано

Жанрлары

опера, реквием

Активдүү жылдары

1830-1901

Автографы

[[Файл:|80px}}]]

giuseppeverdi.it

Жузеппе Фортунино Франческо Верди (итал. Giuseppe Fortunino Francesco Verdi) — (10.10.1813, Ронкеле 27.1. 1901, Милан) италиялык композитор Верди Жузеппе 1813 жылы Италия шаарында туулган . Ал 7 жашынан музыкадан сабак алган. Ал эми 15 жашынан увертюраларды, фортепьяно үчүн пьесаларды чыгарган. 1839-ж. Миланда анын «Оберто, граф Сан-Бонифачо» аттуу туңгуч операсы коюлган. 1842-49-ж. 13 опера жазган, анын ичинде «Эрнани» (1844), «Аттила» (1846), «Луиза Миллер» (1849). 19-к-дын 50жылдары жаралган «Риголетто» (1851), «Трубадур» (1852), «Травиата» (1853) өңдүү опералары композитордун атагын чыгарган. 60-жылдары «Симон Бокканегра» (1857), «Дон Карлос» (1867), атактуу «Аида» (1871-ж. Каирде коюлган) операсын, 1886-ж. психологиялык музыкалык драманын жогорку үлгүсү «Отелло» операсын (1887-ж. Миланда коюлган) жараткан. Анын 26 опера, кыл аспаптар үчүн чыгармалары бар. «Отелло», «Травиата», «Риголетто» ж. б. опералары А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]