Жумабеков Дастан

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Дастан Жумабеков
Дастан Жумабеков
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы
желек
25-октябрь 2017 — азыркы учурда
Өкмөт башчысы: Сапар Исаков
Мухаммедкалый Абылгазиев
Президент: Алмазбек Атамбаев
Сооронбай Жээнбеков
Андан мурунку: Чыныбай Турсунбеков
 
Дини: ислам
Туулган жери: Саткей, Кара-Буура району, Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Партиясы: «Ата-Журт» (2010 — 2015)
«Кыргызстан» (2015 — а. у)
Билими: Кыргыз Улуттук Университети (КУУ)
Кесиби: Юрист

Дастан Жумабеков[1] (төр. 2-ноябрь 1976; Саткей Кара-Буура району, Талас облусу, Кыргыз ССРи, СССР[2]) — Кыргызстандык саясатчы, мамлекеттик ишмер жана спортчу. «Кыргызстан» саясий партиясынын мүчөсү. Чыгыш күрөш өнөрлөрү боюнча спорт чебери. 2017-жылдын 25-октябрынан тарта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы[3]

Өмүр баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

1976 – жылдын 2-ноябрында Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Саткей айылында туулган[2].

Жогорку билимдүү. 2001 – жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин “Юриспруденция” адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 2002 – жылы Кыргыз Республикасындагы түрк компаниясынын "Баямташ ЛТД" өкүлчүлүгүндө коммерциялык мүдүрү болуп баштаган.

2005-2007 – жылдары бельгиялык «КАSI трейнинг» фирмасында башкы менеджер;

2007-2009 – жылдары «ЯКАД» ЖЧКсында башкы мүдүр;

2009-2010 – жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу боюнча механизациялашкан көчмө бөлүгүнүн башчысы;

2010-жылы октябрда «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган;

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин коррупция менен күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү;

2014-жылдын май айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынын лидеринин орун басары;

2015-жылдын июнь айынан тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынын лидери[4];

2015-жылдын 4-октябрында «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган[1];

2017-жылдын 25-октябрында жашыруун добуш берүүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп дайындалган;

Жеке жашоосу[оңдоо | булагын оңдоо]

11 бир туугандын арасында чоңойгон. Атасы — колхоздун бригадири, апасы — мугалим. Эң улуу агасы — белгилүү академик, профессор, Бишкектеги Травматология жана ортопедия улуттук борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Сыйлыктары жана Наамдары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • 2009 – жылы Кыргыз Республикасынын спорттук-техникалык коргонуу уюмунда жасаган эмгеги үчүн медаль менен сыйланган. КР СТКУ Борбордук Кеңеши;
  • Райондун инфраструктурасын жакшыртууга жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын Ардак грамотасы (2009 – ж.);
  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (2014 – ж.);
  • Талас облусунун Кара-Буура районунун Ардактуу атуулу;

Эскертмелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. 1.0 1.1 7 жылдан бери депутат, белгилүү хирургдун иниси, футболчу... Спикерликке сунушталып жаткан Дастан Жумабековдун өмүр баяны. Super.kg. Текшерилген күнү 10 Февраль (Бирдин айы) 2018.
  2. 2.0 2.1 Жумабеков Super.KG жылнаама. Super.kg. Текшерилген күнү 10 Февраль (Бирдин айы) 2018.
  3. Sputnik. Дастан Жумабеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды (кырг.). sputnik.kg. Текшерилген күнү 10 Февраль (Бирдин айы) 2018.
  4. Жумабеков "Ата Журт" фракциясынын лидери болуп Дастан Жумабеков шайланды. Super.kg. Текшерилген күнү 10 Февраль (Бирдин айы) 2018.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]