Жунгли

Википедия дан
Жунгли (Непал‎).

Жунгли же жаңгел - (англ. jungle, хинди жана маратхи тилдеринде жангал токой, чытырман токой) бийик, катуу сабактуу чөп аралаш, жыш чыккан дарак-бадал өсүмдүктөрү. Лианалар менен чырмалышкан дарактар жана чытырман бадалдуу токойлор да Жунгли. деп аталат. Жунглиге ротанг пальмасы, акациялар, чөп өсүмдүктөрүнөн бийик өсүүчү дан өсүмдүктөрү (гигант бамбук, бал камыш, эриантус жана башка) мүнөздүү. Жунгли. Индиянын тропик же субтропик ным климаттуу жана саздуу жерлеринде Ганг дарыясынын жээгинде, Гималай тоосунун этегинде, Инди-Кытайда, Зонд анда арбын учурайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]