Жылнаама

Википедия дан

Жылнаама же календарь (лат.calendarium — карыз китепче: Байыркы Римде карызы бар адамдар календ күнү б. а. айдын башында карыздарын төлөшчү) — убакыттын аралыгын көбөйтүү тутуму.

Календарь – асман телолорунун көрүнгөн кыймылынын мезгилдүүлүгүнө негизделген убакыттын узак аралыгын эсептөө системасы. Календарда күн менен түндүн, жыл мезгилдеринин алмашышы пайдаланылат. Убакыт ченинин бирдиги күн менен түндүн алмашуусу – сутка, Айдын Жерди айлануусу – ай, Жердин Күндү толук айлануусу жыл деп кабыл алынган. Астрономдордун эсептөөсү бонча жыл 365 сут 5с 48 мин 46 секдан турат. Календарда түрдүү астрономиялык маалыматтар менен бирге жыл ичиндеги белгилүү даталар, майрамдар да белгиленет.

Адам баласынын тарыхында ар түрдүү календардын системасы пайдаланып келген. Азыркы убакытта көп өлкөлөрдө Григорий календары (күн календары) кабыл алынган. Ал азыркы Юлий календарынын (эски стиль) ордуна 1918-ж-дын 14-фев-ында СССРде киргизилген Григорий календары болуп саналат.

Жердеги жыл мезгилдери менен сутка убактысынын алмашуусунан башка дагы бир туруктуу процесс – Айдын фазаларынын алмашуусу жылды 12 айга бөлүүгө түрткү болгон. Бир катар мусулман мамлекеттерде ушул кубулушка негизделген ай К-ы пайдаланылат. Анда календардык айдын башталышы айдын жаңырышы менен башталып, узактыгы 29 сут 12 с 44 мин 2,9 секга барабар.

Жылнаама өзүнө он эки айды камтыйт:

Ар бир ай төрт аптага (жумага) бөлүнгөн, ал эми ар бир апта (жума) жети күнгө бөлүнгөн, алар төмөнкүлөр:

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Апта күндөрү
Дүйшөмбү | Шейшемби | Шаршемби | Бейшемби | Жума | Ишемби | Жекшемби