Жылуулук уюлдары

Википедия дан
Ажал өрөөнү.

Жылуулук уюлдары - Жер шарында, адатта, тропик алкактарында абанын температурасы эң жогору болгон жерлер. Эң ысык жерлер: түндүк Жарым шарда Евразиядагы Тар чөлүндө жана Индияда (53°Сге чейин), Түндүк Америкадагы (АКШ) Мохаве чөлүндө (Ажал өрөөнү, 56,7°С), Африкадагы Ливия чөлүндө (Эль-Азизия, 57,8°С дүйнөдөгү эң ысык жер, 1922-жылы катталган); түштүк жарым шарда Австралиядагы Флиндерс дарыянын өрөөнүндө (50°С), Түштүк Америкадагы Парана дарыянын өрөөнүндө (47°С), КМШнын аймагында ОртоАзиянын түштүгүндө (50°С). Абанын жылдык орточо температурасы (30,2°С) боюнча дүйнөдөгү эң ысык жер Африкада (Эфиопиядагы Массауа шаары тушта). Дүйнөлүк океандагы суунун эң жогорку температурасы Перс булуңунда (35,6°С), Мексика булуңунда (33°С), Каспийде (37,2°С) байкалган. Кыргызстандын эң ысык жери Чүй өрөөнүнүн Түндүк чеги (44°С).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]