Жыныстык жетилүү
Жыныстык жетилүү, пубертаттык мезгил же пубертат (от лат. pubertas — «эр жеткендик, бойго жеткендик, жыныстык жетилгендик») — организмдеги биологиялык жетилүү, башкача айтканда тукум калтырууга жөндөмдүү мезгил[1].
Жыныстык жетилүү эркек балдарга караганда кыздарда эрте башталат. Акыркы жылдарда бүткүл дүйнөдө балдардын жыныстык эрте жетилүүсү байкалууда. Мисалы, мурда кыздарда жыныстык жетилүү 13—15 жашында башталып[2], 19—20 жашка чейин созулса, азыр 8—11 жашында башталып, 17 жашка чейин созулат, эркек балдардыкы 10—13 жашынан башталып, 19 жашка чейин созулат.
Жыныстык жетилүү башталганда адамдын организминде көп өзгөрүүлөр болот. Кан тамырынын басымы көбөйүп же азайып, жүрөктүн согуусу өзгөрүп, кээде аң-сезимдин өзгөрүүлөрү байкалат. Аялдардын жана эркектердин жыныс гормондору (эстроген, андроген) пайда болуп, жыныс органдары жана анын белгилери өөрчүйт[3].
Жыныстык жетилүү экинчилик жыныстык белгилердин пайда болушу менен байланыштуу. Бул мезгилде колтугуна, сырткы жыныс мүчөсүнө жүн чыгат, кыздарда 11 —15 жашында эмчек бездери чоңоюп, этек кир келет. Дененин пропорциясынын убактылуу бузулушу байкалат. Бут-кол узарып, эпсиз кыймылдайт[4]. Эркек балдарда булчуңдар тез өсөт. Ички органдар скелет менен булчуң системасына караганда жай өсүшү мүмкүн. Кан тамырларга караганда жүрөк бат чоңоёт, ошондуктан ал артериялык кан басымдын жогорулашына жана жүрөк ишинин кыйындашына себеп болушу ыктымал. Баш айлануу, баш оору, чарчоо байкалат, өспүрүмдүн психикасы өзгөрөт. Ал эмоциялык жактан туруксуз болуп, туталанат, эпсиз, олдоксон кыймылдайт, кишиге ишенбей сын мамиле жасайт, ата-эненин ыгына көнбөй, убактылуу кайрымсыз да болуп калышат. Бул мезгилде невроздор жана неврозго окшош абалдар пайда болуп, ачуулуу, ыйлаак болушат (өзгөчө кыздар этек кир келген мезгилинде)[4].
Организмдин өөрчүшүнүн бул өзгөчөлүгү ата-эне менен мугалимдерден жыныстык жетилүү мезгилинде балага туура мамиле жана камкордук кылууну талап кылат. Өспүрүмгө бул өзгөрүүлөрдүн биологиялык маанисин кылдаттык менен түшүндүрүү керек. Бул кезде өспүрүм ата-энеси жана мугалимдер менен достук мамиледе болушу маанилүү. Жыныстык жетилүү мезгилинде өспүрүмдүн туура тамактануусуна, эс алуусуна жана спортко катышуусуна көңүл буруу абдан зарыл.
Жыныстык жетилүүнүн башталышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Пубертаттын башталышы гипоталамустагы гонадотропин рилизинг-гормондун (ГнРГ) пульсациялык көп иштелип чыгышы менен байланышкан[5]. Өз учурунда бул гормон гипофизде лютеиндешкен гормонду (ЛГ) жана фолликулстимуляциялаган гормонду иштелип чыгууну стимулдаштырат. ГнРГ деңгээлинин жогорулашынын себеби так аныктала элек, бирок мында лептин чоң роль ойнойт деп болжолдонууда. Себеби, лептиндин деңгээли жыныстык жетилүүнүн башталышы менен организмде бир кыйла жогорулап, жыныстык жетилүүнүн аякташы менен төмөндөйт[5].
Эркектин (балдардын) организиминдеги өзгөрүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жыныстык органдар жана фертилдүүлүк
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эркектерде жыныстык жетилүүнүн биринчи белгиси болуп урук безинин чоңоюшу (адренархе) саналат. Жыныстык жетилүү башталганга чейин 1 жыл аралыгында урук бездери көлөмү дээрлик өзгөрбөй узундугу 2-3 см жана туурасы 1,5-2 см бойдон кала берет. Жыныстык жетилүү башталган курактан 6 жыл өткөндөн кийин урук бези 18-20 см³ көлөмүнө жетет. Бирок эркектер арасындагы урук безинин көлөмүнүн жеке айырмачылыктары байкалат[6].
Урук безинин эки негизги функциясы бар: гормондорду жана сперматозоиддерди иштеп чыгаруу (биринчиси функциясы эрте башталып, экинчи функцияга стимул болот). Жыныстык жетилгенден бир жыл өткөндөн кийин эркектердин таңкы заарасынынын курамында сперматозиоддер болот[6]. Жыныс мүчөсү, урук бези өсө баштагандан көп өтпөй өсө баштайт. Жыныстык мүчө чоңойгон сайын эрекция, андан кийин поллюция пайда болот[7].
Денеде түктүн өсүшү (адренархе)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жыныс органдарынын өсүшү башталгандан көп өтпөй жыныс органдарынын айланасында жүндөр пайда болот. Жыныстык мүчөнүн негизинде аз санда пайда болгон чач акырындык менен калыңдайт жана бүт чурай үч бурчтугун ээлейт, андан кийин жамбашка жана курсактын ак сызыгы боюнча киндикке чейин тарап, өсө баштайт. Бул өзгөрүүлөрдөн кийин, бир нече ай (кээ бир учурларда жылдар) өткөндөн кийин, колтукта, анустун айланасында, үстүңкү эриндин үстүндө, кулакка жакын беттин бөлүгүндө, үрптүн айланасында жана ээкте жүндөрдүн өсүшү башталат[8]. Жүндөрдүн, сакалдын, муруттун өсүү ылдамдыгы жеке организмдин айырмачылыктарына жараша болот. Эркектердин организиминде өмүр бою жүндөр өсө берет (колдордо, буттарда, көкүрөктө, курсакта жана белде). Бирок, бардык эле эркектердин бирдей жана окшош органдарында жүндөр өсөт деген туура эмес.
Үндүн өзгөрүүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Андрогендердин таасири астында коконун өсүшү, үн байламталарынын узарышы жана калыңдашы байкалат, бул үндү төмөн жана жоон кылат. Үндүн өзгөрүшү кыска убакыттын ичинде болуп өтөт. Ушул учурда үндүн туруксуздугу байкалышы мүмкүн. Эркектердин үнүнүнөзгөрүүшү орто эсеп менен алганда 14-15 жаш курагында токтойт.
Эркектин дене түзүлүшү жана булчуңдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жыныстык жетилүүнүн аягында эркектердин сөөктөрү оор жана булчуң массасы кыздардыкына караганда дээрлик эки эсе көп болот. Айрым сөөктөр тезирээк өсүп (ийиндер, жаактар), эркектер менен аялдардын структураларында байкалаарлык айырмачылыктарга алып келет. Булчуң массасынын өсүшү жыныстык жетилүүнүн аягында башталып, өсүү темпи бир жылдан кийин максимумга жетет. Булчуңдардын өсүшү жыныстык жетилүү аяктагандан кийин дагы уланышы мүмкүн, бирок өсүү темпи жайыраак болот[9].
Аялдын (кыздардын) организиминдеги өзгөрүүлөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сүт бездери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эмчектин өсүшү (телархе) жыныстык жетилүүнүн биринчи белгиси болуп саналат жана орто эсеп менен 10,5 жашта байкалат. Алгач, ареоланын астында бир же эки жагында (үрптү айланысындагы тегерек) кичинекей, ооруткан сезгенүү пайда болот. 6-12 ай өткөндөн кийин, ооруткан сезгенүү эки тараптан тең байкала баштайт, чоңоет, жумшарат. 2 жылдын ичинде сүт бездери жетилген көлөмгө жана формага жетет. Аялдардын сүт бездеринин көлөмү жана формасы жеке организмге байланышкан айырмачылыктарга ээ.
Чурай түктөрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чурайдагы жүндөр сүт бездери өсө баштагандан бир нече ай өткөндөн кийин пайда болот. 15% кыздардын арасында бул белги биринчи пайда боло турчу жыныстык жетилүүнүн белгиси. Жыныс эриндериндеги суюк түктөр 6-12 айдын ичинде чурайга чейин созулуп өсүүшү байкалат.
Жыныс органдары, айыз, фертилдүүлүк
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эстрогендердин таасири менен кындын эпителийи калыңдап, клеткалар анын бетинен активдүү түрдө сыйрыла баштайт. Жатын моюнчасы аз өлчөмдө былжыр бөлүп чыгара баштайт. Бул кындан агыш түстөгү суюктуктун бөлүнүп чыгышына алып келет. Эне бези жана жатын чоңоюп, энелик бездерде фолликулалар өсө баштайт.
Биринчи этек кир (менархе), адатта, сүт бездеринин өсүшү башталгандан 2 жылдан соң болот жана алгачкы эки жылда этек кир регулярдсыз мүнөздө болушу мүмкүн.
Дене түзүлүшү жана организмдеги майдын жайгашуусу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Жыныстык жетилүү мезгилинде эстрогендин жогорку деңгээлинин таасири астында жамбаш сөөктөрү кеңейип, жамбаш чоңойот. Май ткандары өсүүшү уланып, негизинен сүт бездеринин, жамбаштын, сандардын, ийиндердин, чурайдын айланасында жайгашат.
Эки жыныс үчүн тең жалпы өзгөрү белгилери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Андрогендердин таасири астында эки жыныста тең колтугунда түктүн (жүн) өсүшү жана тердин курамындагы май кислоталарынын эсебинен тердин жыттынын өзгөрүшү байкалат. Андрогендер ошондой эле теринин май бездеринен май бөлүп чыгарууну көбөйтөт, бул бактериялардын көбөйүшүнө жана безеткилердин пайда болушуна өбөлгө түзөт.
Жыныстык жетилүүнүн башталышына ар кандай факторлордун таасири
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Жыныстык жетилүүнүн башталышынын орточо курагы 1840-жылдардан баштап кыйла төмөндөп, ар бир он жыл сайын болжол менен 4 айга кыскарган[10].
- 46% кыздардын жыныстык жетилүү курагынын башталышы энелериники менен бирдей куракта болот.
- Тамактануунун сапаты жыныстык жетилүүнүн башталышына эң чоң таасир эткен фактор.
- Жыныстык жетилүү курагы расалык, улуттук жана социалдык айырмачылыктардан көз каранды[11].
Эрте жыныстык жетилүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эрте жыныстык жетилүү — 8 жашка чейинки кыздардын жана 9 жашка чейинки эркек балдардsy арасындагы жыныстык жетилүүнүн башталыш процесси[12].
Дагы окуңуз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Robert V. Kail. Cengage Advantage Books: Human Development: A Life-Span View: A Life-Span View
- ↑ Kerri Durnell Schuiling, Frances E. Likis. Women’s Gynecologic Health
- ↑ Encyclopedia of Educational Theory and Philosophy. D. C. Phillips
- ↑ 4.0 4.1 Understanding Child Maltreatment: An Ecological and Developmental Perspective. Maria Scannapieco, Kelli Connell-Carrick
- ↑ 5.0 5.1 Leptin, Growth Hormone, and the Onset of Primate Puberty
- ↑ 6.0 6.1 Sarah Attwood. Making Sense of Sex: A Forthright Guide to Puberty, Sex and Relationships for People with Asperger's Syndrome
- ↑ The Morning Glory (or Nocturnal Penile Tumescence)
- ↑ Dermatologic Care of Hair in Transgender Patients: A Systematic Review of Literature
- ↑ Stolz, Herbert Rowell. Somatic development of adolescent boys : a study of the growth of boys during the second decade of life
- ↑ Average age at menarche in various cultures
- ↑ Physiology of Infant Sexuality and the Unconscious
- ↑ Puberty as a physical process