Идеалдаштыруу

Википедия дан

Идеалдаштыруу чыгармада чагылдырылган көрүнүштөрдүн алгылыктуу жактарын баса белгилеп ажарын ачып ашкере сүрөттөөлөрдө таасын байкалат. И. искусстводо көрүнүштөрдүн “жакшы жагын да, жаман жагын да күчөтүп көрсөтүү же жөнөкөй айтканда апыртуу” (Н. Г. Чернышевский). Мындай сүрөттөөлөр "Манас" үчилтигинде өзүнүн табияты боюнча типтештирүү менен жуурулушуп турса да, негизинен карама-каршы турган оң, терс көрүнүштөрдү, ошондой эле асыл сапаттарды, оң каармандарды көкөлөтүү, даңазалоо, аларга кынтыксыз турпат берүү менен идеалдуу, өрнөк болуучу деңгээлге жеткирип, эстетикалык жактан бөтөнчө маанилүү кылуу аракеттеринде айкын көрүнөт. "Манас" эпосунда сүрөттөлгөн көпчүлүк объектилер идеалдаштырылып асыресе оң каармандар, алардын курал-жарактары, жоо кийимдери, иш-аракеттерин сыпаттоодо көбүрөөк кездешет. Манастын туулушунан өмүрүнүн акырына чейинки бардык иштери бүтүндөй И-нун чегинде көрсөтүлөт: “Алтын менен күмүштүн Ширөөсүнөн бүткөндөй, Айың менен Күнүңдүн Бир өзүнөн бүткөндөй, Асман менен жериңдин Тирөөсүнөн бүткөндөй”; “Акылмандын тунугу, Ак калпактын улугу”; “Бир карасаң бир киши, Бир карасаң миң киши”; “Жолборс моюн, жоон билек, Жоругу калың таш жүрөк”; “Алды жагын карасаң, Алты жүз эрдин сүрү бар, Аркасынан карасаң, Ажыдаардын түрү бар” жана башкалар Адамдар гана эмес, табият кубулуштары, предметтик нерселер, адаттан сырткары сырдуу көрүнүштөр, кереметтүү күчтөр да дайыма Манаска жан тартып, аны колдоп турушу да И-га жатат. Мунун түпкү максаты Манасты башкалардан өзгөчөлөөгө, артыкчалоого багытталган. Анын кырк чилтенге, Кызыр дубанага жолугушу жана жоо кийимин алышы мындайча баяндалат:

Белекке берген көк күрмө,

Ок өтпөй турган бек күрмө.

Кийсең жоого ылайык,

Ок өтпөгөн кылайып,

Табылгы жаксаң чок өтпөйт,

Очогор атса ок өтпөйт,

Жакадан тартсаң кол өтпөйт.

Жакасы алтын, жеңи жез,

Кош бадана, торгой көз.

Келеме жака, кең күрмө

Керишке кийсе ылайык.

Кызыр атам берди деп,

Арстан кийгин бул тонду,

Балбандыгың башкача,

Сенин баатырлыгың бир канча.

Отко салса күйбөйсүң,

Сел каптаса акпайсың,

Арбагың артык, заарың күч,

Катылгандын баарысын

Кыйратасың кылып түз... (Саякбай Каралаев, 1. 105— 106).

Манастын телегейи тегиз, келечеги кең өзгөчө сапаттары, алдын ала эле аныкталып жатат. Кеп буларды адам эмес, Кызыр дубана айтып, ал асыресе жараткандын атынан күбөлөп жатышы ого бетер таасирлүү. Эпосто ошондой эле Манастын укмуштуудай баатырдыгы гана эмес, анын айкөлдүгү, ашкере берешендиги, кең пейилдиги, адилеттүүлүгү да жогорку деңгээлде идеалдаштырылган.

Эпосто аялзатын даңазалоо бөтөнчө мааниге ээ. Көбүнчө аялдардын даанышмандыгы, акылмандыгы, уздугу, сарамжалдуулугу менен катар айрым учурларда эркектерден кем калышпаган эрдиги, кайраттуулугу да көрсөтүлөт. Мисалы, Каныкей:

Узун чачтын ыктуусу,

Ургачынын мыктуусу.

Кең көйнөктүн тазасы,

Ургачынын паашасы (Саякбай Каралаев, Кол жазмалар фондусу, 539-инв., 217-б.).

Каныкейге мүнөздүү билермандык, бийик ыймандык сыпат да баса белгиленген. Айрыкча аялзатынын туруктуулугу, адептүүлүгү, ашкере сулуулугу көкөлөтө макталат. Каныкейди “мусулмандын нурдуусу, кара суурдун сулуусу”, “төгүлгөн кара чачы бар, жүлүндөй түптүз бою бар” жана башкалар Ушул жагдайда Айчүрөк да өзгөчө күчтүү поэтизацияланган. Дегеле эпосто аялдардын акылы, иштүүлүгү, сымбаты, келбети келиштире тартылган. "Манас" эпосунда негизги оң каармандардын мыкты сапаттары дайыма алдыңкы планда көрсөтүлөт (Семетей, Сейтек, Алмамбет , Бакай, Күлчоро жана башкалар), ошондой эле чыгарманын терс каармандары да унут калбай, аларды И-да жагымсыз иш-аракеттери, терс сапаттары гана эмес, алардагы баатырдык, эр жүрөктүүлүк, амалдуулук, айлакерлик өңдүү алгылыктуу сапаттары да белгилене кетет. Маселен, Жолой жөнүндө:

Каардуу Жолой баатырда

Сакал да жок, мурут жок,

Балбандыгы башкача

Кан жыттанган Жолойдун

Баатырдыгы бир канча.

Өлчөөң кеткен бул Жолой,

Өлтүрүп канга тойбогон,

Жан кыйгычтын бирөө ошол,

Жалаңкычтын өзү ошол (Саякбай Каралаев, 1. 95). Бир жагынан “Кан Жолой”, “Жетик Жолой”, “Эр Жолой”, “Каардуу Жолой”, “Көк жолборстой чамынып” деген сыяктуу эпитеттер менен сыпатталса, экинчи жагынан анын аёону билбеген ашкан зордукчулдугу, баскынчылыгы, мыкачылыгы баса белгиленет. Мындай сүрөттөөлөр реалдуулукка, чындыкка жакын келүү менен, жалпы эле чыгарманын таасирдүүлүгүн күчөтөт. Себеби душман эч качан начар болгон эмес, андыктан аны жеңүү да оңойго турбаган. Ушундан улам сырттан басып кирген душманбы, ичтен чыккан бузукуларбы, аларды эпосто коркунучтуу кылып сүрөттөө негизги орунду ээлейт. Эпостун борбордук сюжетин согуштук окуялар түзүп, мында баатырдыкка, эрдикти даңазалоого айрыкча көңүл бөлүнгөндүктөн, эпостогу баатырлардын жоокердик куралы менен жоокердин аты да идеалдаштырылган.

"Манас" эпосунда жоокердик куралдардын нечендеген түрлөрү кездешет. Алардын көпчүлүгүнүн энчилүү аттары жана ээси бар. Чыгармада айрым баатырлардын өзүнө гана арналган укмуштуудай куралга ээ болушу атайын белгиленет же кеңири баяндалат. Ал куралдын оңой менен табылбастыгы, өзгөчө материалдан жасалышы, даңкы таш жарган, атактуу устанын колунан чыгышы, ал түгүл айрым курал-жарактардын кудуреттүү күчтүн, кудай тааланын амири менен белгилүү баатырларга атайын арналышы даана көрсөтүлүп өтөт, маселен, Манастын курал-жарактары: Аккелте, Сырнайза, Зулпукор жана башкалар, ар биринин таржымалы, татаал сырлары бар. Асмандан түшкөн алты курчтун эң мыктысы, кудайдын буйругу менен Зулпукор аталып, ага Манастан ысымы да жазылып коюлган: Асмандан түшкөн Зулпукор Айкөл Манас курчу ошол, Катылышкан душмандын Канын төгөр мүлк ошол. Кыйкырып кындан чыгарса, Кан ичпей куру жүрбөгөн, Канга мыктап тойбосо, Кайта кынга кирбеген. Кындан сууруп алганда Көк жалын болуп кызарган,

Кыябын таап шилтесе Кырк кулач бою узарган (Саякбай Каралаев, 1. 212). Манастын жоо кийимдери, курал-жарагы өзгөчө идеалдаштырылган. Алар баатырдын өзүнө гана кызмат кылбастан Семетейге, анан Сейтекке ата мурас катары өтүп, касиетин жоготпой, алардын баатырдык иштеринде зор көмөк болот. Мисалы, Семетей атасынын куралдарын алганы Көбөштүкүнө келгенде илинип турган Аккелтеден шүйшүндөп кан агып, өзүнөн өзү эле тарсылдап добуш бергени айкын күбө. Эпосто жоо кийимдер, курал-жарактар баатырлардын эрдиктеринен кем эмес сыпатталып, даңазаланат. Баатырлардын тулпарларына да айрыкча көңүл бөлүнүп, ар бир баатырдын өзүнө ылайык жоого минген аты бар: Манастыкы Аккула, Коңурбайдыкы Алгара, Алмамбеттики Сарала, Семетейдики Тайбуурул жана башкалар Аттардын ар биринин өзүнчө энчилүү атка ээ болушу эле көп нерсени билгизет. Чоң казатта Айбанбоз жүрбөй калып Аккула келгенче жөө калган Манас согуша албай коркунучта калат. Коңурбайды Коңурбай кылган атактуу Алгара тулпар, Көкөтөйдүн ашындагы эр сайышта Алгараны олжолоп алып, Коңурбайга кайра берип койгондо Алмамбет Манасты жемелеп, ыйлаганы бекер эмес. Ал эми “Тайбуурулдун тартууга кеткени, Семетейдин ажалынын жеткени” деген Тайбуурулдун Үмөтөйдүн кунуна берилип кетиши, Семетейдин Кыяс менен Канчородон жеңилишине алып келет. Аштойлордогу ат чабыштарда, карсылдашкан кармаштарда күлүктүгү, чыдамдуулугу, көркөмдүгү менен адамды суктандырган нечен түркүн тулпарлар сүрөттөлөт. Аккуланын сыпаты:

Кең көкүрөк, тайкы жал,

Кетмен туяк, кең соору,

Аркар аяк, капкан бел

Алыска чыдар мал экен,

Атасы тоонун кайыбы,

Энеси чөлдүн бууданы,

...Кыска көкүл жал экен,

Ай, жаныбар Аккула

Кырсыкты чечер мал экен (Саякбай Каралаев, 1. 179).

Аккуланын артыкча сапаттары, өзгөчө касиеттери Сагымбай Орозбаковдун вариантында:

Маңдайында багы бар,

Ай караңгы түн болсо

Туман баскан жылчыксыз

Жер көрүнгүс күн болсо

Кулагында шамы бар (Сагымбай Орозбаков, 4. 338).

Эпосто таймашка катышкан атактуу аттар ээсинин айтканына түшүнүп, кээде көп коркунучтан алдын ала сактаган, ал түгүл канат бүткөн, тил бүткөн абалдарда да сүрөттөлөт.

Эпосто элди душмандан коргоочу баатыр — өзгөчө жаралган адам. Анын ишенимдүү курал-жарагы, жоого минчү тулпары зоболосун көтөрүп, эрдигин арттырып, күчүнө күч кошуп турат. "Манас" эпосунда бул үчөө бири-бири менен ажырагыс байланышта берилип, атайын идеалдаштырылып, укмуштуу көрсөтүлөт. Мындай сүрөттөө биринчиден эпосто сүрөттөлгөн доордун талабынан келип чыкса, экинчиден баатырдык эпостун табиятына байланышкан.

О. Исмаилов

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4